www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ош" эл аралык аэропортуна 8-августта "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Каттам менен мекенине Орусиядан 154 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн. Ага кош бойлуу жана жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, Сибир ЖОЖдорунда окуп жаткан студенттер киргизилген. Бул каттам менен кыргыз өлкөсүнүн жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, ошондой эле Сибир Федералдык Округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттам менен Кыргыз өлкөсүнө алар менен бирге 3 дарыгер мекендешибиз кайтып келди, алар коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү кесиптештерине жардам беришмекчи.

Андан сырткары аталган борт менен Новосибирсктеги мекендештер тарабынан даярдалган 800 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык препараттардан турган гуманитардык жардам келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости