www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү табып Хашим Зайналиев коронавирусту дарылоонун өзү иштеп чыккан протоколун элге жарыя кылды. Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

I БӨЛҮК. ЖАЛПЫ  ТҮШҮнҮК

Учурда пневмонияга учурагандардын чоң бөлүгү каза болуп калууда. Эгерде кишиге короновирус жугуп, ал пайда кылган эң акыркы  патология – кишиде дем алуу кыйындап отуруруп, өлүмгө учурап калаарын баары билишет. Мындай оор патологиялык кырдаал бейтапта кантип түзүлүп калаарын, аны кантип дарылоону колго алууну протокол түрүндө врачтарга жана коомчулукка жардам катары сунуш кылууну эп көрдүк. Мындай протоколдун иштелип чыгуусуна, биздин көп жылдык клиникалык тажрыйбабыз негиз болду.  Себеби, биздин клиникалык практикада мындай патологиялар ар бир 2-3 күндө учурайт.  Вирус жуккан кишинин өнөкөт ооруусу болсо ал ырбап,  ал да өлүмгө алып бараарын эске алдык. Биз бул протколду жалпы элге да түшүнүктүү болсун үчүн жатык тилде жазууга аракет кылдык. Медициналык билими  жок жарандар да врачтардан ушул протокол боюнча консультация алып, алардын контролунда үй шартында дарыланса болот. Мындан сырткары, COVID-19 вирусун тест аркылуу аныктоодо жетишпестиктерди кошо түшүндүрө кетели.

 ЖЕТИШПЕСТИКТЕР.

Пайдаланылып жаткан чет өлкөлүк тесттер гарантияланган диагнозду бере албайт. Себеби дээрлик бардык кишилердин мурун, ооз, тамак жана дем алуу жолдорунда короновирустан башка да  грипп, парагрипп, аденовирус, риновирус, торовирус  ж.б вирустар нормалдуу микрофлора катары жашап турат. Алардын ичинен COVID -19 вирусу эмес, бирок ушул короновирустук семействого кирген түрлөрдө да рекомбинанттык сыпатка ээ болгондор бар. Короновирустук семействонун рекомбинанттык мүнөзү – эң оболу геномдук (тукум куучулук) жактан жакын болгон түрлөрдүн штаммдарын өз ара кайчылашуу же рекомбинациялашуусунан улам пайда болгон – мутация. Мына ушундай процесс жогоруда айтылган органдарда орун алып калып, анализдин жыйынтыгы положительный чыгуусуна себебкер болууда.

Экинчи бир татаалдык же кыйынчылык кишидеги микрофлора катары жашаган короновирус менен COVID -19дун ортосундага геномдук РНКнын бири-бири менен окшоштугу. Эки вирустун түрү тең геномдук РНК бир эле мезгилде м-РНК (матричный)  полимеразалык РНК синтези үчүн матристык кызмат аткаруусу. Синтезделген трансферразалык РНК ар бир трансляциясында полипротеиндик чынжырды кишинин клеткасындагы рибосомаларында синтездеп, полипептиддик капсуланы түзүугө жумшалат.  Геномдук РНК көп кызмат аткарууга ийкемдүу болуусу, анын РНКсын оптикалык тыгыздык аркылуу аныктоодо кыйынчылыктар менен коштолот. Себеби, керектүү жыштыктагы жарык нурларын кеңири диапозондо жутуп алуусу же чагылдырбай коюусу мүмкүн.

3-кыйынчылык, бул  COVID -19 вирусу табияттагы короновирус менен рекомбинанттык мутация болгондуктан, анын геномдук РНК өзгөчөлүгү келип чыгат. Көрүнүп тургандай анын геномдук РНК генетикалык картасы иштеп чыгуу зарылдыгы алдыдыда турат. Эгерде генетиктер же гендик инженерлер COVID -19  геномдук РНКсын расшифировка кылууга жетишсе, анда аны курчап турган капсидди түзүп турган белоктун полипептиддик жана аны түзүп турган моноструктураларын иликтеп чыгуу мүмкүнчүлүгу пайда болот. Бул дегени моноструктуранын белоктук чынжырында кайсы аминокислотанын кайталанышы көбүрөөк учурап калаары билинсе, ошол аркылуу оптикалык тыгыздыгы жана анын электромагниттик толкунга карата жутуу жана чагылуу жыштыгынын чоңдуктары келип чыгат. Андан ары математикалык эсептердин алгоритимдери аркылуу компьютер эсептеп чыга берет.

4-кыйынчылык, бул COVID -19 вирусу табияттагы вирустардан өзгөчөлүгү рецептордук антигендердин активдүүлүгү жана кыймылдуулугу. Мына ушул COVID -19 вирусунун спецификасы ИФАлык же сапаттык анализ жасоодо эске ала турган иш. Ал үчүн тиешелүү посев же башка методдорду жасап, окраска (эозан) аркылуу электрондук микроскоп аркылуу тактоо керек болот. Мына ушул COVID -19 вирусунун спецификасына  карата анализдерди жасоо гарантияланган диагноздорду коюуга мүмкүндүк берет деп ойлойбуз.

II БӨЛҮК. 1. Органдардагы патологиялар.

II.1.0 Тамак көңдөйүндөгү Коронавирустун локализациясы. Өзүм оорууганда жана мага келген пациенттерди сурамжылоо мына ушундай бир көрүнүштү берди. Эгерде пациентте өнөкөт фарингит, тозиллит, ангина сыяктуу ооруулар болсо же короновирус жукканына маани бербей муздак ичимдик же тамак жеген учурда, тамак көңдөйүндө короновирустун локализациялык түйүнү пайда болоорун көрсөттү. Вирус ушул локализациялык борбордон организмге тарап, ар бир органда патологияларды пайда кылаарын шектенсе болот.

II.1.1 Клиникалык белгилери. Тилдин даам билбей калуусу, мурундун жыт билбей калуусу, таңдайдын кургап калуусу, тамактын жутканда ооруп туруусу, кенири дем алганда тамактын буулуп калуусу, какырганда сары тустөгү түкүрүк чыгуусу ж.б.

II.1.2. Патологиялык көрүнүш. Коронавирус тамак көңдөйүндө жайгашкан нервдик рецепторлорду тормоздоого жетишип, органдардын кан менен жабдылышын начарлатат. Ошондуктан жыт, даам сезүүнүн жоголушу, мезгил-мезгили менен тамактын муздап туруусуна алып келет. Тамактын кан менен жабдылышынын төмөндөп кетүүсү анын эпителийиндеги иммундук системанын начарлап кетүүсүнө алып келип, тамак оорууларынын күчөп кетүүсүнө чакырат. Тамак көңдөйундө жайгашкан коронавирус кан, айрыкча лимфатикалык тамырлар аркылуу организмге таркай башташы организмде температуранын көтөрүлүүсүнө алып келет. Ошондуктан организмдеги тезинен көтөрүлүп жаткан температураны төмөндөтүу жана тамактын локализациялык борбордогу вирусту жоготуу зарылдыгы келип чыгат.

II.1.3. Терапиялык дарылоо. Бейтаптын алгачкы мезгилинде температурасын түшүрүү үчүн, эгерде температура 38,7ден жогору болсо, анда ички венага 200 гр. глюкозанын же физраствордун эритмесине глюконат кальций 1 ампула, 1 ампула витамин В12 (цианобакламин), кан басымы 100/60 же андан төмөн болсо 3 ампула дексоматозон, эгерде кан басымы андан жогору болсо 2 ампула дексоматозон, эгерде кан басымы 160/120 болсо  дексоматозон сунуш кылынбайт, 1 ампула димедрол кошулуп берилет. Бул ички венага куюла турган эритме күнүгө 1 жолудан 3 күнгө белгиленет. Эгерде бейтаптын температурасы 38,7 же андан төмөн болсо, кан басымы 140/100 жогору болбосо, анда демотен 1 ампула, витамин С 2 ампула, дексоматозондон 2 ампуланы 200 гр. физ. растворго кошуп, ички венадан суткасына бир жолудан берилет. Капельница берилип бүтөөрү менен жамбаштын булчуң эти аркылуу литический укол (1 ампула анальгин, 1 ампула димедрол, 1 ампула новокаин) берилет. Дарылоо мезгили 3 күнгө белгиленет. Эгерде температура 37,4 же андан төмөн болсо, анда эң жакшысы – парацетамол 1 же 2 таблетка ичүү сунушталат. Тамак көңдөйүндө жайгашкан коронавирустун локализациялык түйүнүн дарылоо үчүн авран дары чөбүнүн настою жетиштүү болот. Авран чөбүнүн настоюнан 1 чай кашык ичип, аны мүмкүн болушунча ооздо 5 мин. чейин кармап, андан кийин жутууга болот. Мындай ичүү ар бир 2,5 саатта аткарылып турат. Эгерде дарыны ичкен күндөн баштап эсептегенде 5-7-күндөрү боор тараптан оору билинсе, анда болгону оозду чайкап, сыртка түкүрүп коюу керек. Бул чөптүк настой коронавирусту өлтүрө турган, аны организмден жогото ала турган касиетке ээ. Бул дары чөп менен бейтаптарды биздин клиника камсыз кылууну мойнуна алат. Ал эми коронавирустун кесепетинен шарттуу нормалдуу микрофлоранын патогендик таасирге өтүүсүнөн улам курчуган тамак ооруусуна – антибиотиктер сунуш кылынат. Антибиотиктерди пайдалануудан мурда, мүмкүнчүлүк болсо тамактан зев жана соскоб тапшырып, анын жыйынтыгында антибиотиктер чувствительность жана резистентность боюнча карап, антибиотиктердин дарылоо курсун врач  белгилегени бейтап үчүн пайдалуу жана өмүрүнө коркунуч болбойт.  Тапшырылган анализдердин жыйынтыгы чыкканга чейин коронавирустун кесепетинен күчөгөн өнөкөт ооруулар: фарингит, ангина, тонзиллит ж.б. үчүн төмөнкү дарылоо процедурасын жүргүзө турууну сунуш кылабыз. Ач карынга 70% медициналык спиртти 1 чай кашыкта тамакты 1 жолу чайкап жиберүүнү сунуш кылабыз. Андан кийин 2-3 таблетка мукалтинди кайнатылган сууда эритип, аны менен 5-6 жолу тамакты чайкап, андан 5 мин. өткөндөн кийин хлорофиллипттин майында колун самындап жууп, дезинфекциялык каражаттар менен тазалап, андан кийин сөөмөй менен  тамакты 5-6 жолу сыйпалап, андан дагы 5 мин. өткөндөн кийин балык майы менен 5-6 жолу сыйпалап дарылоону сунуш кылабыз.

II.1.4. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап муздак ичимдиктерди ичүүдөн, туздөн-түз муздаткычтан алып тамак-аш ичкенден алыс болуусу зарыл. Ошондой эле калемпирди тамак-ашка колдонууну токтотсун. Денесине физикалык нагрузка кылгандан оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн өзү изоляция кылып, постелдик режим менен жашоо.

   II.2. Коронавирустун боордо жана көк боордо пайда болгон патологиясы.

II.2.1. Клиниаклык белгилери.  Ичегилерден куркурап, үн чыгып туруусу, ичтин тез-тез өтүшү, алсыроо, ооз-тамак көңдөйүнүн кургап туруусу, баш оору, көздүн көрүүсүнүн начарлап кетүүсү, эске тутуунун төмөн болуп калуусу. Убак-убакты менен муздак кара тердин чыгып туруусу.

II.2.2. Патологилык көрүнүштөрү. Короновирустун боордо пайда кыла турган патологиясы бейтаптын организминдеги иммундук системаны басып, аны бүлгүнгө учуратуунун кесепетинен келип чыгат. Короновирустун иммундук системаны бүлгүнгө учуратуусунда эң оболу Т-лимфоциттердин, Б-лимфоциттердин жабыркоосу күчөйт. Иммундук системанын бул бөлүгү бейтаптын тимусу менен көк боорунда калыбына келип, калыптануусун короновирус үзгүлтүккө учуратат. Аталган иммундук системанын клеткаларынын калыптануусунун азайып кетүүсү, боордо жайгашкан өнөкөт гепатит IgGAнын жанданып, анын кескин көбөйүүсүнө алып барат. Себеби, гепатиттин вирусун контролдоп турган IgG -антителонун калыптанып туруусу Т-лимфоциттердин жана В-лимфоциттердин эсебинен болуп турган. Кескин түрдө көбөйуп жаткан өнөкөкөт гепатит А боордун көптөгөн функцияларын төмөндөтөт жана үзгултүккө учуратат. Алардын ичинен боордо кандын фильтрациясын, кандын утилизациясын жөнгө салып туруучу ферменттердин бөлүнүп чыгуусун азайтуу менен кандын коюланып кетүүсүнө алып барат. Өттүн жана боордун зилдеринин курамынын өзгөрүүсүнө алып барып, анын натыйжасында ичтин тез-тез өтүүсү пайда болот. Гепатиттик вирустун кандын коюлануусуна алып баруусу, кандын составынын өзгөрүүсү менен коштолгон патологияда кан плазмасынын белоктор менен толукталуусу да үзгүлтүккө учурайт. Анын кесепетинен бөйрөктө кандын реабсорбциясы жана бөйрөктөгү щелочтук-кислоталык баланс бузулуп, сийдик менен кошо эритроциттердин, лейкоциттердин, белоктун жана организмге керектүү болгон микроэлементтердин чыгып кетүүсүнө алып барат.

II.2.3.. Терапиялык дарылоо. Дарылоонун эң негизги маселеси короновирустун кесепетинен өз функциясын аткаруусун жоготуп бараткан боорду калыбына келтирүү болуп саналат. Ал үчүн боордогу активдүү абалга келген гепатиттик А-ны блокадага алууну ишке ашыруу зарыл. Ал үчүн биздин клиникада  антивирустук дары жасалат. Агрегаттык абалы суюк келген ушул дарыны күнүгө 1 чай кашыктан 3-4 жолу ичүү зарыл. Мындан сырткары, короновирус боордун, көк боордун функцияларын азайтып жиберет. Ошондуктан аталган 2 органдын кызматтарын калыбына келтирүү зарылчылыгы келип чыгат. Ал үчүн менин клиникамда боордун иштөөсүн жакшыртуучу дары бар (БКД деп атап койобуз), ошол дарыдан ар бир 3 саатта 0,5 пиаладан ичүү сунуш кылынат. Андан кийин цикорийдин отварын үйуңөрдө жасап ичсеңер болот. Аны жасоо оңой эле. 1 л. кайнап жаткан сууга цикорийдин сабактарын бычактап кесип, алакандай өлчөмдө таштап, 20-30 минут кайнатса даяр отвар алынат. Боорду иштете турган дагы бир дары “кара халила”. Аны да цикорийди даядагандай кылып даярдап алсаңар болот. Жасап алган 2 дарыны тең 0,5 пиаладан ар бир 3 саатта ичкиле. Дагы кошумча суутектин перекисинен 4-6 тамчыны кайнатылып, муздатылган 1 стакан сууга кошуп, 0,5 пиаладан 3 маал ичкиле. Андан башка да сахарный диабети бар болсо, кара талдын кабыгын сууда кайнатса, кызыл түстөгү отвар алынат. Ал отвардан 1 пиаладан 3-4 маал ичкиле.

Жогоруда аталган дарыларды ичүү, боордун функцияларын калыбына келтирүү менен кошо кандын составын жөнгө салып, кандын коюуланып кетүүсүн токтотот.

II.2.4. Терапиялык эффект берүүсүнө далил. Жогорудагы айтылган рецепт боюнча ичүүнү баштагандан 7 саат өткөндөн кийин ашказандын зарна болуусу азайып, ичегилердин куркурап үн чыгаруусу басаңдай баштайт. 1 сутка ичинде ичтин өтүүсү токтойт. Ичкен күндөн баштап эсептегенде (эгерде бейтаптын бөйрөгү пиелонефрит, гломерулонефрит менен оорубаса), анда 4 суткага жеткенде сийдиктен эритроциттин, лейкоциттин, белоктун чыгуусу токтойт. Сийдик кадимки түстө чыгып калат.

II.2.5. Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамак-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси жаныбарлардын майынын  тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак ичимдиктерди ичкенден, муздаткычта сакталган тамак-ашты жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык нагрузка кылгандан оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.

    II.3.1.  Дем алуу жолундагы жана өпкөдөгү патологиялык көрүнүштөр. Биз менен силердин (врачтардын) ортосунда конфликтке алып келе турган – ушул маселе. Урматтуу врачтар!!! COVID -19 вирусун жугузган бейтаптардын баары эле өпкөдөгү пневмониттен, лимфатикалык застойдон же суу толуп кеткенден каза боло бербейт. Айрымдары, COVID -19 вирусу ушул дем алуу жолундагы органдардын эпителийлик катмарын бүлүндүргөндүктөн, лимфатикалык отток азайып отуруп, терминалдык стадияга киргенде застой пайда болуп, лимфатикалык суюктук дем алуу жолдорун бүтөп калат. Лимфатикалык застойдун пайда болуусунан баштап  бейтапты реанимациялык шартка которуу зарылдыгы келип чыгат.  Дем алуу жолдорунун эпителийинде жашаган патогендик жана нормалдуу микрофлора COVID -19 вирусу  эпителийлик клеткаларды бүлүндүргөндөн кийин локалдык иммунитет парализация болот, кан аркылуу келе турган иммундук клеткалар, майда капиллярлар жана клетка аралык суюктуктар бүлгүнгө учурагандыктан иммунитеттин эпителийлик коргонуусу жокко чыгат. Мындай шартты күтүп жүргөн эпителийдеги нормалдуу жана патогендик микрофлора – баары тең инфекциялык патогендик аракетке түшөт. Бул учурда эпителийдин ички тарабында жайгашкан бириктиргич ткандар, андан кийин сероздук катмарда жайгашкан булчун миофибриллдер менен кошо лимфатикалык тамырлар жапа чегет. COVID -19 вирусунан тышкары, жогоруда аталган инфекциялардын айрымдары лимфатикалык узелдерде кармалып, аны чоңойтуп отуруп, шишитип жиберсе, дагы бир бөлүгү миофибриллдердин эң негизги бөлүгүн түзгөн коллагендик белокторду структуралык  жактан бузат. Айтылган патологияларды бейтаптын эпителийлик өпкө исиркектеринде шарттуу түрдө нормалдуу флора катары жашап келген пневмококк, диплококк, стрептококк ж.б микроорганизмдер патогендик таасир этүүгө өтүп, өпкө исиркектерин (альвеолдорун) жабыркатат. Андан тышкары, 2-фактор катары короновирус иммундук системанын активдүүлүгүн түшүргөндүктөн, эң оболу макрофагдарды бүлгүнгө учуратып, Т-лимфоциттерди жана Б-лимфоциттерди парализация кылууга жетишет.  Иммундук системанын мына ушундай абалга учурап калуусу жогорудагы айтылган инфекциялардын патологиялык активдүүлүгүн көтөрүп жиберет. Анын натыйжасында өпкө альвеолдорундагы сурфактантты булүндүрүп жиберүүсун шарттайт. 3-фактор катары организмдеги кандын коюлануусу өпкөнүн исиркектеринин капиллярдык артериолдорунда кандын өтүү жөндөмдүүлүгүн жана анын ылдамдыгын төмөндөтүп, организмге нагрузка түшкөн учурда, анын жарылып кетүүсүнө алып келет. Бир эле мезгилде өпкө исиркекетериндеги микроорганизмдердин патогендик таасирге өтүүсүнөн анын бырышып (поражение) калуусу, башка тараптан өпкө исиркектерине келген капиллярдык тамырлардын жарылуусу – тромбоэмболияга учурап калуусу – бейтаптардын өмүрүнүн бүтүүсү менен коштолуп жатат.

    II.3.2.  Клиникалык белгилер.  Сүйлөгөндө, жөтөлгөндө, денени көтөрүп басканда дем кысылуу пайда болуп, бейтап буулуп калат. Өзүн оор сезет, баш ооруу пайда болуп, эске тутуусу төмөндөп кетет.

    II.3.3.  Терапиялык дарылоо. Өпкөнүн пневмонитин жана пневмониясын дарылоо жүргүзүү жогоруда айтылган боордогу өнөкөттүк гепатит А-ны  блокадага алуудан, боордун кызматтарын калыбына келтирүүдөн түздөн-түз көз каранда. Анын себеби, кандын коюланып кетүүсүнөн улам өпкөнүн альвеолдорундагы капиллярларынын  тромбоэмболияга учурап калуусун четтетип, аны токтотууга жетишет. Бейтаптын кан тамырларын, анын ичинде өпкө капиллярларынын ийкемдүүлүгүн жана бекемдигин камсыз кылуу үчүн күнүгө бир жолудан эртең менен 1 капсула витамин А, кечинде витамин Е 1 капсула, түшкө чейин жана кечинде 1 таблеткадан аскарутин ичүү сунуш кылынат. Андан тышкары өпкө пневмонитин күчөткөн  пневомококк, диплококк, стептококк жана башка патологиялык микроорганизмдер менен күрөшүү үчун антибиотиктер сунуш кылынат. Антибиотиктерди тандоодо бейтаптын тамактан тапшырган зеви менен соскобтун жыйынтыгы боюнча врач антибиотиктердин дарылоо курсун белгилейт. Эгерде, бейтаптын анализ тапшыруу мүмкүндүгү жок болсо, анда 5 күндүк дарылоо курсу жазылат. Азиотромицинден 1 капсуладан күнүгө бир жолудан , циплофаксацинден 1 таблеткадан 2 маал, эритромицинден  же эргоферондон 1 таблекадан 2 маал ичүү сунуш кылынат. Дарылоо учурунда дем кысылуу же дем алуунун оордугун жеңилдетүү учун, бейтапты жасалма дем алуу аппаратынан чыгаруу үчүн (ИВЛ аппаратынан)  альвеолдордун кызматын калыбына келтирүү менен жасалса бейтап үчүн пайдалуу болот. Ал үчун төмөнудөй дарылоо курсу сунуш кылынат. Жамбаштын булчуңунан ийнени тереңирээк киргизүү менен процедура аткарылат. Витамин В(4) же химиялык аталышы Холин, сатыкта “Церетон” деген ат менен белгилүү. Дарылоо курсу 10 күнгө белгиленип, күнүгө 1 ампуладан сайылат. Мына ушул укол менен кошо бейтаптын жаш өзгөчөлүгүнө, айрыкча салмагы 60 кг-дан ашык болсо 1 аш кашыктан 2-3 маал, андан ылдый болсо 1 чай кашыктан 2-3 маал  “Пальмовое масло”  берилет. Бул сунуштун медициналык эффектиси эң оболу өпкө альвеолдорунун кызматын калыбына келтирүү, пневмонияны азайтуу менен өлчөнөт. Бул дарылоону биохимиялык тил менен түшүндүргөндө, өпкө альвеолдорунун газ алмаштыруучу беттери жана альвеол сурфактанты негизинен пальмовое кислотадан куралган. Ичкенде кан аркылуу барып жаткан пальмовой майдын альвеолдун беттерине сиңишине же  В(4) витамини же изохолин ферментативдик кызмат кылат.

    II.3.4.  Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамакт-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси жаныбарлардын майынын тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак, муздаткычта сакталган тамак-аш жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык нагрузка кылгандан оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүн өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.

    II.4.1. Жүрөктун патологиялык көрүнүштөрү. COVID-19 вирусунун дагы бир апааты жүрөктүн булчуңдарынын иштөө ыргагын бузушу. Азыр илимде кандай жол менен бузаары жөнүндо изилдөөлөр жана алардын жыйынтыгы жок. Биздин жеке түшүнүгүбүздө, анын ичинде жеке өзүм ооруганда, мага келген пациенттерге байкоо жүргүзгөндө, коронавирус жүрөктө жайгашкан синусно-предсердний узельдеги жүрөктүн миокардиттик клеткаларындагы деполяризация процессине таасир этип, жүрөктүн калган бөлүгүндө жүрө турган деполяризациялык процессти солгундата турганын байкадык. Бул деген жүрөк ритминин өзгөрүүсүнө жеткирип, жүрөк булчуңдарынын жыйрылышын солгундатат дегенди түшүндүрөт. Биз мындан ары трактовкаланган жүрөктөгү патологияларды талкууга ала турган болсок, өтө көп патологияларды учуратабыз. Эң оболу жүрөк ишемиясы келип чыгат. Биздин көп жылдык изилдөөлөрубүз жана байкоолорубуз көрсөттү, ушул учурда 10 адамдын орто эсеп менен үчөө жүрөк ишемиясына чалдыккан болуп чыгат.  Бул оорууга чалдыккандарды ЭКГ, ЭхоКГ жана суточный мониторинг аркылуу аныктай албайсың. Силер ойлоноуп көргүлө:  канча адам опурталдуу топко кирип калып жатканын. Андан башка да бир топ бейтаптар бар, али жүрөк коронардык артериясында атеросклероз болгонун биле элек, клапандарында пролапс ж.б. оорууга чалдыгып калганын биле элек. Короновирус аркылуу жүрөк илдети күчөгөн бейтаптарды бир түрдүу процедура аркылуу дарылоо катачылыкка алып келип, өлүмдүн санын көбөйтөт. Ошондуктан жүрөк оорууларынын түрүно карата дарылоону сунуш кылабыз.

Эң негизги шарт короновируска чалдыккан бейтаптарды сөзсүз, жок дегенде ЭКГ жана ЭхоКГ өткөрүү талабы коюлат.

II.4.2.  Жүрөктүн ишемиясына чалдыккандар.

II.4.2.1.  Клиникалык белгилери.  Биз жогоруда айтып өттүк бул оорууга чалдыккандарды ЭхоКГ жана ЭКГ же суточный мониторинг аркылуу аныктоо мүмкүн эмес деп. Ошондуктан бул оорууга чалдыккандарды өзүнөн сурамжылоо жүргүзүлөт. Бул оорууга чалдыкканын бейтап кантип билдирет? 1-белгиси –  маал-маалы менен жүрөккө ийне сайгандай болгон, 20-30 секунддай ооруу пайда болуп жоголуп турат. Кээ бир учураларда жүрөк ачышып, жоголуп турат. Бейтап короновируска чалдыкканга чейин уйкусуздуктан азап чегип келген, физикалык иш жасаганда тез чарчайт.

II.4.2.2.  Дарылоо иштери.

Врач бейтап менен аңгемелешкенден кийин, анда жүрөктө ишемиялык ооруусу бар экенин билгенден кийин, эгерде бейтап жүрөктө тынымсыз ачышуу болуп жатканын айткан болсо, анда анын жүрөк артериясында тромб пайда болгонун билдирет. Ал үчүн төмөнкүдөй рецептте ички вена кан тамыр аркылуу 100 гр физрасторго 1 ампула панангин, андан кийин удаа эле 1 ампула эсенциал фортени 100 гр физ.растворго куюп, андан кийин 200 гр физ. растворго 0,5-1 гр чейин гепаринди инсулиндик шприцте кошуп, ички венага карай 1 деп эсептегенден баштап 15 же 20 деп санаганда 1 тамчы түшө тургандай кылып берүү талап кылынат. Бул сунуш кылынган дарылоо курсу 3 кундөн 5 күнгө чейин берилет. Андан сырткары жүрөктүн стенасына же  булчүңундагы ишемиялык оорууну жоюу үчүн биздин клиникада даярдалып жаткан “Жүрөк бальзамын” сунуш кылабыз. Бул бальзам жүрөктүн ритмин өзгөртпөйт, кан басымына таасири жок. Бул дарынын эч кандай противопоказаниясы жок. Бул дарыны сүт эмген баладан жүрөк инфаркты кармап реанимацияда жаткандарга чейин ичсе болот. Бул натуралдык мөмо-жемиштердин нектарларынан жасалат (фармакологиялык инструкциясы тиркелет). Дарынын агрегаттык абалы – суюк түрүндө. 1 аш кашыкта 4-5 маал, тамактануудан мурда ичилет.

II.4.2.3.  Жүрөк атеросклерозу жана стенокардия менен ооруугандарды дарылоо.

Шарттуу талаптар. Врачтарга милдеттүү түрдө бейтаптарды ЭКГ жана ЭхоКГ  текшерүүдөн өткөрүү талабы коюулат. Эгерде келип түшкөн бейтаптын анамнёз таржымалы же кардиологиялык клиникалардан оору баяны болсо, аларды бейтаптын кан коюлануусун дароо токтотуу үчүн сөзсуз эске алуу менен мамиле кылууга милдеттуу болот.

Эң эле жаман көрүнүш – ушул ооруу менен ооруугандардын арасында короновируска чалдыккандардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү каза болуп калып жатканында. Аны токтотуп калууга болот.

II.4.2.4.  Клиникалык белгилери. Дем алуунун оордошу, жүроктүн тынымсыз ачышып туруусу, жүрөктү пальпациялап көргөндө оорууну берүүсү, эң негизги симптом катары эсептелет. Курсак артерия жана веналардын дугасында – систолия, колу-буттун чымыроосу ж.б. симптомдор болот.

II.4.2.5.  Эскертүү.  Дарылоо процедурасын баштаардан мурда врачтарды бейтаптарды этияттоого чакырабыз. Анын себеби кан суюлтуу учурунда организмдеги кан коюлануусунан коронардык артерияда пайда болгон тромбтор майда коронардык артерияларга, андан ары капиллярларга карай жылуусу созсүз болоорун эске алгыла!!! Анын ичинде бейтаптын окклюзияга кирептер болуп калуусунан этият болууга чакырабыз.

II.4.2.6.  Дарылоо иштери. Бейтаптын ички венасына жогоруда көрсөтүлгөндөй тартипте, күнүгө 1 жолудан, эң оболу панангиндин 1 ампула 100 гр физ.растворго, андан соң 1 ампула эссенциал форте, андан кийин гепаринди инсулиндик шприцте 0,6-1 гр чейин 200 гр физ. расторго кошуп, 1 деп эсептегенде 20 өткөндөн кийин 1 тамчы түшө тургандай кылып капельница коюлат. Андан сырткары оозунан “Жүрөк бальзамы” 1 аш кашыктан 4-5 жолу берилет, 0,25 мг дозада канкордон 1 маал берүү сунушталат. Капельницалардын дарылоо курсу минимум 5 суткага белгиленет. Андан ары бейтапта клиникалык симптомдору жоголгон болсо, капельница берүү токтотулат, ал эми “Жүрөк дарысы” жана канкорду ичүү 1 айдан ашык убакытка белгиленет. Эгерде бейтап кан коюлануусунан арылуу үчүн биздин клиникада жасалган “Антивирустук дарыны” ичип жаткан болсо, токтото туруу талап кылынат. Себеби, бул дары гепатит А-ны блокадага алып, организм тарабынан же тагыраак айтканда боордун коронардык артериядагы атеросклерозду жоготуучу ферменттердин бөлүнүп чыгуусуна мүмкүнчулүк берип коет. Боор бөлүп чыгарып жаткан ферменттер коронардык артериянын атеросклероздон арылуусуна чакырып, кокусунан коронардык артерияда окклюзияга алып баруусу мүмкүн. Эгерде пациент, андан ары атеросклероздон арыламын деп ниет койсо, жеке өзүмө келип, менин көзөмөлүмдө дарылоодон өтөт.

II.5.0.  Жүрөк аритмиясы жана тахикардиясын дарылоо.

II.5.1.  Шарттуу талаптар. Врач милдеттүү түрдө бейтапты ЭКГ жана ЭхоКГдан өткөрүугө милдеттүү. Эгерде абал экстрендик мүнөздө болсо, анда аны менен аңгемелешет. Эгерде бейтап кардиологиялык борборлордо учетто турган болсо, анын түүган-уруктарынан же жакындарынан история болезнин сурап окуп чыгуу талап кылынат.

II.5.2.  Эскертүү. Бейтап короновируска чалдыкканга чейин жүрөк аритмиясы менен тахикардиясынан жабыр тартып, кардиолог врачтардын контролунда кардиологиялык препараттарды пайдаланып келген болсо, врач-кардиологдун жазган рецептине чектөө киргизбей коюу дурус иш болот.

II.5.3.  Патологиялык көрүнүштөр. Бейтаптын жүрөк аритмиясына жана тахикардиясына чалдыгып калуусу жүрөк кан тамыр системасында, бөйрөктө, ички секрециялык бездерде ж.б. органдардагы патологиялардын таасири астында болот. Жүрөк оорусу бар бейтаптын короновируска чалдыгып калуусу, анын абалынын кескин түрдө оордоп кетүүсүнө жеткирет. Бейтаптын абалынын оордоп кетүүсүнө 1-чи кезекте гепатит А-нын таасири астында боордун канды фильтрациялоо кызматынын төмөндөп кетүүсү, кандын утилизациясынын биохимиялык бузулуусу, кандын коюланып кетүүсү, бөйрөктүн гормондорунун, айрыкча ренин жана альдестерондун канга көбүрөөк чыгып кетүүсү кан тамырлардын кысылуусуна (сужение) алып келип, кан басымынын көтөрүлүүсүн чакырса, щитовидный (калкан сымал бездин) бездин жүрок систолиясын, кобүнчо экстарсистолиясын пайда кылат. Бейтаптын жүрөгү ойноп, деми кысылуусу күчөп кирет. Бул учурда бейтап пневмониядан улам деми кысылбай, бронхадагы бөйрөк гормондорунан улам тамактан дем алуусу буулат. Деми кысылып, жан ташашып жаткан бейтапты кантип дарылап, өмүрүнү сактап калса болот?

II.5.4.  Дарылоо иштери. Эң оболу жүрөк экстрасистолиясын азайтуунун чараларын көрүү зарыл. Ал үчүн бейтаптын калкан сымал без же щитовидный без жайгашкан тамагынын эки тарабын, кулактын астын 5 минут точечный массаж, ар бир саатта жасап турулат. 1 литр сууга 60 гр аш тузун салып эритип, 20 гр дан суткасына 3-4 маал соруп ичет. Андан башка бейтаптын кан басымын өлчөп көрүп, кан басымы 160/120 болсо 100 гр физ. растворго 1 ампула дексоматозон, кан басымы 140/100 дөн төмөн болсо 2 ампула дексоматозонду 100 гр физ. растворго кошуп, ички венадан берилет. Бул дарылоо бейтаптын дем алуусунун өзгөрүусүнө жараша жүргүзүлөт. Дем кысылуу болгон учурда гана берилет. Бул процедура убактылуу түрдө бөйрөк гормондорунун канга бөлүнүп чыгуусун азайтып, дем кысылууну жоготуп турат. Бейтаптын абалы оңолуп калган учуру келгенде, жогорудагы айтылган капельницалар: панангинден 1 таблетка, андан соң эссенциал фортеден 1 ампула 100 гр физ. растворго кошуп берилет. Андан кийин удаа эле бейтапка 200 гр физ. растворго 0,6-1 гр чейин гепаринди кошуп, 1 – ден эсептегенден баштап, 20 деп эсептегенде 1 тамчы  түшө тургандай кылып, капельница коюлат. Бул дарылоо процедурасы мезгили 5 күнгө белгиленип, күнүгө бир жолудан жасалат. Оозунан “Жүрөк бальзамынан” 1 аш кашыкта 4-5 маалдан, канкордон 0,25 мг дозадагы  таблеткасынан 1 маал берилет.

II.5.5.  Гигиеналык талаптар. Эң оболу бейтап тамак-аштан диета сактоого милдетүү. Эң негизгиси жаныбарлардын майынын тамак-ашка кошулуп калуусунан сак болуусу зарыл. Ошондой эле муздак, муздаткычта сакталган тамак-аш жегенден, калемпирди тамак-ашка колдонуудан өзүн тартсын. Денесине физикалык нагрузка кылгандан оолак болуусу шарт. Бейтап үчүн эң пайдалуу нерсе – өзүнү-өзү изоляцияга алып, постелдик режим менен жашоо.

Протоколду иштеп чыккан табып   Зайналиев Хашим.

Бишкек шаары. Көк-Жар жаңы конушу. Босого көчөсү 84.

17 июль 2020 жыл", - деп айтылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги медицинада далилденген гана ыкма менен дарыланууга чакырат!

Последние новости