www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кесиптик  орто жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы тажрыйба алмашуу, ийгиликтүү  практикаларды үйрөнүү жана санариптешүү аркылуу билим берүү сапатын  жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерден арылуу максатында уюштурулган  “Санарип университет” конференциясы Ош  мамлекеттик университетинде өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы  билдирди. 

Учурда ОшМУ заманбап-санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүп, бул багытта электрондук университет долбоору толугу менен ишке ашууда. Алдыда окуу жайдын ички структуралык бөлүмдөрү арасындагы кагаз жүгүртүүнү толук санариптештирүү, “Түндүк" тутуму аркылуу мамлекеттик мекемелер менен автоматташтырылган түрдө маалымат алмашууга жетишүү милдети турат.

Жыйында Каныбек Исаков билим берүү тармагын санариптештирүү багытында жасалып жаткан жумуштар, билим берүү системасынын пандемия   шартына карата ыңгайлашуусу жана Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы бир жыл аралыгында аткарган иштери боюнча маалымат берди.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев,  Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы  Жанна Саралаева, Жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы  Абдылда Мусаев, Билим берүү жана илим министри Каныбек  Исаков, министрдин орун басары Нурлан Омуров жана Кыргыз Республикасындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилери катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости