www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 16 жаштагы кызды зордуктаганга шектелип 2 бала кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгыныа 2020-жылдын декабрь айында Ош облусунун тургуну арыз жазган. Арызда анын 2005-жылы туулган кызын белгисиз 2 жаран Ош шаарынын батирлеринин биринде зордуктап койгондугун жана ал адамдарга карата тиешелүү жаза берүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучу кыз учурда мектепте окуйт. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы тарабынан 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын тургундары 2001-жылы туулган К.Т. жана А.К. аттуу жарандар зордуктоого шектүү катары кармалышып, убактылуу жайга киргизилди.

Жазык кодексинин 161-беренесинин (зордуктоо) белгилери менен сотко чейинки өндүрүш ачылды. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, жабырлануучу кыз бул шектүү жарандар менен Инстаграм интернет түйүнү аркылуу таанышып, интернет аркылуу баарлашып жүрүп, алардын чакыруусу менен Ош шаарына келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости