www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын доо арызынын негизинде 2780,0 чарчы метр жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Буга чейин Ош шаарынын аймагында Ош облусунун административдик сотунун чечиминин негизинде 2780,0 чарчы метр жер тилкеси жеке жактарга берилип кеткен. Ал жерди мамлекетке кайтаруу боюнча Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматы Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Соттун чечими менен 2780,0 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан Ош облусунун административдик сотунун чечиминин негизинде жеке жактарга берилип кеткен 2780,0 чарчы метр жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.