www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 адамдын өмүрүн алган автокырсык катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдык 21-июнь  күнү саат 05:40 чамасында, Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн 102 номерине Өзгөн районунун  Кара-Шоро айылынын Беш-Терек  участкасында жол унаа кырсыгы болгондугу жөнүндө маалымат келген.

Аталган маалымат Өзгөн РИИБдин МЭЖне катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге  чыгышып төмөндөгүлөрдү аныкташкан.
2020-жылдын 20-июнь күнүнөн 21-июнь күнгө караган түнү саат 00:30 чамасында, Өзгөн районунун Мырза-аке айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын Беш-Терек участкасында, Өзгөн районунун  Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылынын тургуну,1962-жылы туулган О.А  өзүнүн башкаруусундагы «Дэу-Тико» үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси О 52 75 G автоунаасын башкарып бара жатып, белгисиз жагдайда жолдун четине чыгып 15-20 метр бийиктиктен жардан кулап түшкөн.

Натыйжада айдоочу А.О, жүргүнчүлөрү  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Шоро-Башат айылынын тургундары 1963-жылы туулган Ю.Н жана 1980-жылы туулган Н.О окуя болгон жерде каза болушкан, ал эми 1963-жылы туулган М.А денесинен жарат алып Өзгөн районун Мырза-аке аймактык ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, соттук медициналык жана соттук автотехникалык экспертизалар дайындалган. Топтолгон материалдар 2020-жылдын 21-июнь күнү Өзгөн РИИБдин МЭЖне катталып, текшерүү иштери тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости