www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги башка элчилерден дээрлик айырмаланган, элчилик кызматты аркаласа да өз оюн, пикирин ачык айткан Азимбек Бекназаровду кепке тартып, Кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча баарлаштык. 

--Азимбек Анаркулович, Кыргызстанда шайлоого даярдыктар башталып, акыркы күндөрү Чубак Ажы менен Адахан Мадумаровдун биригүүсү жөнүндө коомчулукта көбүрөк сөздөр айтыла баштады. Экөө бириксе, чоң күчө айланып, жеңишке жетеби?

--Саясатка байланыштуу суроо, жооп кылбайлы дебедик беле? Дагы үкөлөрүм менен «чабыштырат» экенсиңер да. «Көп сөздү» эл жаратып жаткан жок, ошол силер айткан саясатчылар тажрыйбалуулугун көрсөтүшүп өздөрү уюштурган жеке сайт, журналист, агитаторлору аркылуу жайылтып жатышат. Мисалы, ошол эле Адахан Мадумаровго ар кайсы партия, биримдиктерди, жеке популярдуу белгилүү адамдарды кошуу үчүн «эл айтып жатат» - деп элге жамынып оболу кеп, суроо салымыш болуп анан болбой баратканда Мадумаровго «мен андайларга кошулбайм» - дегизип упай алып берип жатышат. Бул нормалдуу көрүнүш. Шайлоо алдында сөзсүз биригүүлөрдүн, шайлоонун ыплас технологияларынын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш дечи, бирок «тең-теңи менен, тезек кабы менен» - дегендей бойлорун, ойлорун карап бириксе туура болот эле. Эптеп депутат болсом болду дегендей, бүгүн атеисти менен молдосу, сакалчаны менен такыр башы, селдечени менен жалаң башы батышчылы менен орусчулу, солчулу менен оңчулу биригишип, «кашасы, боткосу» аралашкан биригүүлөр, туулбай жатып ажырашуулар обу жок пропагандалууда.

Турмуштук тажрыйба, саясий идея, партиялык программа, улуттук, мекенчилдик бекем позиция, мамлекеттин, элдин эртеңкиси, анын эркиндиги, эгемендиги байлыгы, ынтымагы жана башка өзөктүү туу тута турган көз караштар менен биригишкен, келечекте бекем командага айлана турган биригүүлөрдү көрбөй турам. Эми конкреттүү Мадумаров менен Чубак ажыга келсек: Жеке менин эркимде болсо экөөнү тең түз эле Жогорку Кенешке депутат кылып коёт элем. Мадумаровду оппозициялык фракцияга, Чубак ажыны бийликтин фракциясына кошуп. Ошондо экөөнөн тең коомго, мамлекетке пайда болмок. Куудулдарыбыз айтып жүргөн «120 койдон» - турган Парламентти, бир адамга кызмат кылышкан Өкмөттү маал-маалы менен ойготуп эсине келтирип туруучу «дакен короз» да азан айтып туруучу «молдоке» да парламентке абадай керек. 

--Экөө эмне үчүн бир фракцияда  болбошу керек деген ойдосуз?

--Чубак ажыны мен 2010-жылы Убактылуу бийлик кезинде Кыргызстандын муфтийи катары, ошол оор күндөрү дин кызматкерлери менен иштеп, өлкөбүзгө, элибизге абдан зор жардам бергенинен бери билем. Ал Кудай деген, ыйман жолунда жүргөн, аккыреттен корккон, бирөөнүн кемчилигин эмес, жакшы жагын көрсөм деген, элди, коомду сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, адилеттүүлүккө үндөгөн адам. Мындай адамдардын пайдасы, бир өңчөй бийликтин, адамдардын кемчилигин, жаман гана жактарын көрүп, айтып очка топтогон оппозиционерлердин арасында жүргөнгө караганда, бийликтин ичинде жүрүп, бийликти ыймандуулукка, адилеттүүлүккө үндөгөн жардамы чоң болот. Ал эми А.Мадумаровду 20 жылдан бери жакшы билем. Ал тубаса трибун, парламентчи. Ошон үчүн анын оппозицияда болгону мамлекетке пайдалуурак болмок. 

--Мадумаровду эмне үчүн оппозициялык гана фракциядан гана көргүңүз келет?

--Анткени депутат бул элдин өкүлү катары аткаруу бийлигиндеги кемчиликти коркпой, жалтаңдабай бетине айтып, кемчиликтерин чукуп эсине келтирип турушу милдет. Буга Адахан инимдин духу, акылы тили, эркиндиги, курчтугу, тажрыйбасы жетет.

--Айтканыңызга ынаналы, бирок Адахан  Мадумаров деле Бакиевдин мезгилинде бийликчил партиянын лидери ал турсун спикери болду эле го? 

--Болгон. Бирок мурдагы президенттер жөнүндө, Бакиевдин мезгилиндеги өзүнүн ал режимге кошкон салымын, Атамбаевдин доорунда ооз ачпай унчукпай олтурганын эстегиси да келбейт. Анткени ага Бакиев менен Атамбаевдин жардамы өзгөчө керек. Ошон үчүн алар жөнүндө унчукпай жүрөт.

--Эгер чындап эле имиштер ишке ашып, Чубак ажы менен Адахан Мадумаров бириксе, келечеги кандай болот?

--Жекече адамдык сапат, жүрүм-турум жагынан караганда Мадумаров менен Чубак ажы эки башка адам. Эгерде экөө бириккен күндө да, көпкө чогуу боло албайт. Чубак ажы көп жагынан, адам катары Мадумаровго караганда анын келишпес «душманы» болгон Сооронбай Жээнбековго жакын. Эми мына экөө биригип күзүндөгү шайлоого аттанды дейли. Мен эл алдында турган экөөнү 2010-жылдын май айында Жалал-Абадда Батыровдун университетинин ичиндеги жыйында катар турушкан Кадыржан Батыров менен губернатор Бектур Асановдун турганындай элестетем. Мисалы, Адахан иним шайлоо өнөктүгүндө сөзсүз түрдө адаттынча өлкөдөгү 30 жылдык бүт жаман нерселерди ушунчалык чечендик менен эсептеп, баарын жалгыз Сооронбай Жээнбековго оодарып, анча мынчасын гана Убактылуу Өкмөткө шылтап, Жээнбековдорду, анын партиясын көрдөн алып сууга, суудан алып көргө ыргытат, ошондо анын жанында ар дайым Кудайды оозунан түшүрбөгөн, элди ыйман, сабырдулукка, кечиримдүүлүккө акыйкат жолуна чакырып жүргөн Чубак ажыны элестетип көргүлөчү? Ал ажы да?! Далили, негизи жок эле, элдин добушун алуу үчүн калп айтуу, бирөөгө жалаа жабуу исламды туу туткан адамдар тарабынан кандай кабыл алынат? 1989-жылкы шайлоодо дин жамаатынан С.Камалов агабыз депутат болуп, Акаевдин талапкерлигин бүткүл Кыргыз мусулмандарынын атынан деп президенттикке 1-көрсөткөн. 1993-жылкы Конституцияга исламдын баалуулуктарын айтып киргизүүгө, орозо, курман айттарын майрам күн катары белгилөөгө ошол кишинин эмгеги зор. Ал Кыргызстанда диний партияларды түзүүгө аракет жасап: Эмне үчүн Кыргызстанда диний партияларды түзсө болбойт деп Акаевке түз суроо да берген. Бирок Акаев Израилге барып, батыштагы жөөттөрдүн банктарынан карызга акча алып, Камаловго караганда Левитин, Бирштейнге окшогондор менен тескери жолго түшкөндө, бүткүл кыргыз мусулмандары Камаловду «сен колдогон Акаевин» - деп нечен ирет акарат кылган. Чубак ажыдай белгилүү, билимдүү аалымдарыбыз депутат болсо, өлкөбүздө, коомубузда утуш гана болот. Бирок, Мадумаров менен Чубак ажы экөөнү мен канчалык депутат катары парламенттен көргүм келгени менен Мадумаровдун «Бүтүнү», башында ушул Адахан инимдин өзүнүн активдүү катышуусунда бекитилген азыркы Кыргызстандын шайлоо системасынын тартибине ылайык шайлоодон өтүшү абдан кыйын. Анткени шайлоочулар адамды тандабайт, партияны тандайт. Ушундай «базаркомдордун» депутат болушуна ылайыкташтырылган шайлоо системасын 2007-жылы күзүндө Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигине баш ийишпеген 3-чакырылыштагы парламентти таркатыш жана анын сөзү, эркиндиги, чечендиги, курчтугу жагынан Мадумаровдон кем калбаган Дооронбек Садырбаевге окшогон ондогон депутаттарын, экинчи биротоло депутат болбой тургандай кылып, алардын ордуна Адахан иним азыр өзү айтып жүргөндөй «базаркомдор» келе турган шайлоо системасын бир жагынан Жаныш Бакиев, Адахан иним, экинчи жагынан Максим Бакиев, М.Садыркуловдор Максимдин жөөт достору менен бекемдеп кетишкен. Ушундай шайлоо системабызга Адахан иним өзү күнөөлүү. Буга Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок, тескерисинче ошондо С.Жээнбеков да биз менен кошо депутат болбой калган. Ооба, Атамбаев, эми болсо Жээнбековдор ошол Адахан үкөлөрүм киргизип кеткен шайлоо системасын пайдаланууда. Бирок «базаркомдор» шайлана турган шайлоо системасынын тарыхый архитекторлорунун бири өзү экенин билип туруп, Адахан инимдин баарын азыркы бийликке төңкөрүп жатканы кудай алдында кандай бааланат? Чубак ажы ага кандай жооп берер экен? Кыскасы, мен каалаган Адахандай тубаса депутаттар азыркы шайлоо системасы өзгөртүлмөйүнчө депутат болушу кыйын!

--Эмнеге  Адахан Мадумаровдун бул система менен депутат болушу кыйын?

--Мадумаровдун «Бүтүнүнүн» шайлоо босогосунан өтүшү кыйын дегенимдин да себеби бар. Адахан Мадумаров командалык саясий "игрок" эмес, ал «топту мага бергиле, голду мен гана киргизишим керек» - деген "игрок". Мындай саясатчы эч качан күчтүү команда күтө албайт. Үч-төрт эмес ондогон супер популярдуу өтө белгилүү адамдарды партиясына кошкон күндө да ал оң натыйжа бербейт. Мен белгилүүбүз деген адамдарга кыргыздын эң жогорку белгилүү адамы Ч.Айтматов атабыздын 1990-жылы Масалиевди президенттикке өткөрбөй «кулатышкандан» кийин башка белгилүүлөр: К.Акматов, И.Айтматов. Т.Океевдер, Москвага Чыкеме телефон чалышып, «тез келиңиз, президент кылып шайлап коёлу» - дешкенде «Ай, Казат силер өтө белгилүү адам президент болсо эле, элдин турмушу оңолуп, мамлекет жакшырып кетет деп ойлойсуңарбы? Саясат, мамлекетти башкаруу бул башка маселе. Мен буга даяр эмесмин. Айтып койгула депутаттарга, ар ким өз ишин кылса» - деп жооп берген экен улуу көсөмүбүз. Кийин да Акаевдин партиясы менен ЖКга депутат болду. Бирок, иштеген жок, кетип калды. Улуу Чыкем кооптонгон саясаттан бүгүн эч ким кооптонбой калды. Ушундай эле көрүнүштү дагы бир белгилүү инсаныбыз Сабырбек Жумабеков ошол Мадумаровдордун алгач партиясы “Ак Жолдон” депутат болуп келгенден кийин мандатын таштап кетип көрсөткөн. Ал эми көптөгөн белгилүүлөрүбүз тилекке каршы ар келген президенттердин партияларында жаман сөздөрдү, сындарды укса да балык болуп эле жүрүшпөйбү? Муну мен белгилүүмүн деп партиялардын «талашында» жүрүшкөндөрдүн кулагына таккан сабак болсун. Саясатчы, депутат болуш үчүн оболу жок дегенде саясат, мамлекет, эл, мыйзам, коом жөнүндө түшүнүгүң барбы? Ойлонуп көр?! Ал жерден атак даңк эле албайсың, өмүр бою топтогон кадыр-баркыңды кетирип алышың да мүмкүн! Тилекке каршы, азыр саясатыбызда, саясатчыларыбызда коронавирустун илдети менен ооругандай болуп туру! Эми элибиз шайлоодо «оорубаса» болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости