www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 5 депутатынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин 70ке жакын депутаты ПЧР тест тапшырышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, КСДПнын 3, «Бир Бол» фракциясынын 1 депутатынан коронавирус аныкталган. Депутаттардын ичинен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин анализинен коронавирус инфекциясы табылганы да айтылууда.

Эске сала кетсек, буга чейин "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын мүчөсү Бейшеналы Нурдиновдун COVID-19 менен ооруп калганы белгилүү болгон. Ал төрага Дастанбек Жумабековду кошпогондо, дээрлик бардык кесиптештери менен байланышкан.

Вице-премьер-министр болуп дайындалган Алмазбек Баатырбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов парламентке келген.

Жалпысынан парламентте COVID-19 инфекциясынын эки учуру катталган. Алгачкы ирет 18-июнда аталган оору Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулунан табылганы белгилүү болгон.

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айрымдарынан коронавирус аныкталганын онлайн брифинг учурунда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айткан. Бирок ал инфекцияга чалдыккан эл өкүлдөрүнүн ысымын атоодон баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости