www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто дагы 10 шайлоо участкасы ачылат

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалууда. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот.

Ош шаарында кошумча 10 шайлоо участкасы ачылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов муну ички миграциянын күчөгөнү менен байланыштырды.

Бишкек шаарында мындай муктаждык жок. Мурда баш калаада кошумча 32 шайлоо тилкеси ачылган. Ал участкалар 2020-жылдын январь-февраль айларында негизги тизмеге киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости