www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында 2018-жылы курулган жер астындагы өтмөктө жайгашкан чакан соода түйүндөрү 14-сентябрда аукционго коюлду. Бул тууралууЖалал-Абадда жер астындагы өтмөктөгү соода түйүндөрү аукционго коюлд мэриядан кабарлады.

Аукционго  230дан ашуун адам катышып, күркөлөр 263 сомдон 11 миң сомго чейин бааланды.

Мэрия буга чейинки айтылган кемчиликтерди оңдоодон өткөзүп, кайра кат жиберилген соң экспертиза өткөрүлүп, иш-чарага макулдук алган.

Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы Болот Жусупбековдун айтымында, аукциондон утуп алгандар менен мэриянын ортосунда бир жума аралыгында келишим түзүлөт.

Эске салсак,  пандустар талапка ылайык болбогондуктан, Мамлекеттик экотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча аймактык башкармалыгы өтмөктүн ичиндеги соода түйүндөрүн аукционго өткөрүүгө уруксат берген эмес болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости