www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадастр ишканасынын Ош филиалынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу филиалынын башчысынын орун басары Ш.К.С. жеке адамдардын кызыкчылыгы үчүн жалпы аянты 55,36 гектар жер участогун мыйзамсыз өткөрүп берүү жана трансформациялоо боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Ш.К.С. мыйзамда белгиленген тартипти бузганына карабастан, айрым кызмат адамдары менен кутумга барып, 55,36 гектар аянттагы жер участогунун максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү менен жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт түзгөнү аныкталган.
2025-жылдын 20-ноябрында Ош шаардык соту Ш.К.С.ны КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.
Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп жатат.