www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги Ошто каза болгон индиялык студенттин өлүмүн иликтейт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 22-февралда Ош мамлекеттик университетинин Индиядан келген 30 жаштагы студенти каза болгон. Ал окуу жайдын медициналык факультетинде билим алчу.

Студент ооруканага бир күн мурда перитонит деген диагноз менен келип түшкөн. Операция жасалган соң индиялык жарандын панкреонекроз дартынан жабыркары белгилүү болгон.

Операциядан кийин реанимацияга жаткырылган студент эсине келбей каза болгон. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги өз алдынча иликтөө жүргүзгөнү жатат.

Кыргызстанда бир нече миң индиялык студент окуйт. Алардын көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости