www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков кооперативдерди өнүктүрүү багытында иштер жакшы жүрбөй жатканын айтты. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин 26-февралдагы жыйынында билдирди.

Асылбек Жээнбековдун айтымында, "Кооперативдер жөнүндө" мыйзам кабыл алуу кечиктирилип жатат. "Мурдагыдай эле система болуп жатат. Кагаз жүзүндө кооперативдер көп болгону менен иш боюнча колхоз, совхоздордой болуп кала берет. Анда Жогорку Кеңеш, министрлик, өкмөт кооператив багытындагы жүргүзүп жаткан иштердин натыйжасын көрбөй калабыз. Ошондуктан, кооперативдин так аныктамасы мыйзам долбоордун экинчи окуусунда камтылышы керек. Кооперативдерди түзүүгө жергиликтүү бийлик да, муниципиалдык бийлик да катышуулары зарыл. Биз ошондой иш жүргүзгөнгө мыйзамдар аркылуу уруксат беришибиз керек", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости