www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-апрелдин түн ортосунда Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн өз автоунаасында шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Т.Снын сөөгү табылган. Бул тууралуу Азаттык билдирди
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдиришинче, милиция кызматкери көкүрөгүнө тийген октон каза тапкан. Жанында табелдик куралы болгон жана автоунаасы ичинен бекитилген. Тергөөнүн алдын ала маалыматында ал өзүн өзү атып өлгөнү айтылууда. Ош ШИИБси бул факт боюнча дыкат иликтөө иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Маркум ички иштер органдарында 2004-жылдан бери кызмат өтөп келген. Кара-Суу районунда туулганы, үйлөнө электиги маалым болду.
Булак: NazarNews.kg