www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука районундагы Өрүк-Сай айылындагы Эшме каналы азыркы учурда капиталдык оңдоп түзөөдөн өтүүдө. Эшме каналынын оңдоо иштерине былтыркы жылдын күз айларында башталып, кыш мезгилинде оңдоо иштери убактылуу токтотулган болчу. Жаздын келиши менен кайрадан оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу жеринен Өрүктү айылдык аймагынын башчысы Р. Кийикбаев билдирди.
Долбоорго ылайык каналдын 2540 метрине бетондоо иштери жүргүзүлөт. Бул долбоор Европа биримдигинин Ага-Хан эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашууда. Ага-Хан эл аралык уюму Эшме каналынын бетондоо ишине керектүү болгон курулуш материалдарын алуу үчүн 3 млн.526 миң сом каражат бөлгөн.
Ал эми курулуш иштерин жүргүзүүгө Өрүктү айылдык аймагы аркылуу райондун өнүктүрүү фондунан 2 млн. 386 миң сом каражат каралган. Учурда каналдын оңдоо иштерин тендерден утуп алган "Евростиль корперейшин" ЖЧК жүргүзүүдө. "Евростиль корперейшин" ЖЧК жетекчиси А. Дүйшөнкуловдун айтымында бүгүнкү күндө каналды бетондоо ишинин 60 % бүткөрүлдү. Каналдын калган бөлүгү жакынкы 10 күн аралыгында бүткөрүлөт. Эшме каналы аркылуу райондогу эки айылдык аймактын эгин талаалары суугарылат, деп билдирди Өрүктү айылдык аймагынын башчысы Р. Кийикбаев.
Булак: NazarNews.kg