www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматы Ошто мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн алты май куюучу жайга 210 миң сом айып салды. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлашты.
Ош шаары жана облусунда жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органынын серверине реалдуу убакыт режиминде май куюучу жайларда сатылуучу отун жөнүндө фискалдык маалыматтарды жашыруу фактысы табылган.
Тагыраак айтканда, "МПА", "Ош ойл", "Кыргызстан", "Россия нефть", "Кыргыз Мунай" жана "Памир-Алай" май куюучу жайлары сатылуучу товардын кодун (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду) онлайн-режиминде Салык кызматына берген эмес.
Эскерте кетсек, май куюучу жайларда өткөн жылдын 1-июлунан баштап контролдук-кассалык чек басып чыгаруу функциясы бар ККМди колдонууга, ошондой эле ал маалыматтарды салык органына онлайн-режимде берүүгө милдеттендирилген.
Мындай тартипти бузган жеке ишкерге 12,5 миң сом, юридикалык жакка 35 миң сом айып салынат.
Салык кызматы күйүүчү май рыногундагы ишкерлерди талап кылынган ченемдерге ылайык иш алып барууга чакырат.
Булак: NazarNews.kg