www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев 62 жашка караган курагында оорудан көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан республика боюнча COVID-19га 1225 медицина кызматкери чалдыкты, алардын 515и айыгып кетти. Ооруканада жатып каза болгон дарыгерлердин расмий саны алтоо деп айтылууда.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

7-июлга карата Ош шаарында 32 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. 6-июлда 41 адам вирус жуктурган.

Жалпы пандемия башталгандан бери Ош шаарында 856 киши коронавируска чалдыккан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости