www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы күндөрү Якутияда токойдогу канаттуулар фабрикасынын аймагында беш мүрзөсү бар уруксатсыз көрүстөн табылган. Бул тууралуу орус басылмалары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Якутск райондук администрациясы жана "Ритуал" уюму бул материал боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада аталган жерге көмүү үчүн уруксат жоктугу аныкталган. 

“Канаттуулар фабрикасынын районуна “Ритуал” муниципалдык унитардык ишканасынын директорунун орун басары жана райондун администрциясынын кызматкерлери барышып, уруксатсыз көмүлгөн жайларды, бош табыттарды, кутучаларды жана таштандыларды табышкан. Ошол жерден беш мүрзө табылган жана алардын биринин эстелик орнотулган. Жерге берилген эки адам - ​​Тажикстандын жана Кыргызстандын тургундары. Калган үчөөнүн өздүгү аныкталууда. Якутсктун улуттук жамааттарынын лидерлерине маркумдардын өздүгүн аныктоо тапшырмасы коюлду”, - деди “Ритуал” муниципалдык унитардык ишканасынын директору Парфирий Шестаков.

Учурда Якутск прокуратурасы бул факты боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. 

В России в лесу нашли массовое захоронение мигрантов из Кыргызстана и Таджикистана

Булак: NazarNews.kg

Последние новости