www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто селден 5 адам каза болду

Оштун Ноокат районунда селден 5 адам каза болуп, дагы бирөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 28-июнда саат 16:10до Кулатов айыл аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сайы аркылуу сел жүргөн. Натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.

Сел суулары сайдын нугунан ашып, эс алуу жайында сөөрүдө отурган 6 адамды агызып кеткен. Учурда 5 адамдын сөөгү табылып, эки адамды издөө иштери уланууда.

Жеринде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары иш алып барууда.

Ал эми издөө иштеринде ӨКМдин жүздөгөн куткаруучулары тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен министрдин орун басары Эделбек Кулматов баштаган 100 куткаруучу жөнөп кетти.

Последние новости