www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында ММА мушкери, 24 жаштагы жигит зордуктоого шектелип кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын шериги уюшма кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү болгон. Алар 25 жаштагы аялдын арызы менен 30-июнга караган түнү колго түшүп, эки суткага камалышты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр буга чейин эс алуучу жайлардын биринде эки кишини сабап, биринин жаагын сындырган, экинчиси жеңил жаракат алган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси ("Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши ачылган. Ага кошумча 129-берене ("Зордуктоо") менен да кылмыш иши козголду. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости