www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбеков чоң демилге менен чыкты

Президентибиз Сооронбай Шарипович парламентке билдирүү менен чыгып, чоң демилгелерди, алдыдагы пландарды коомчулукка чыгарды. Бир сөз менен айтканда, мамлекет башчысы болун иштеген алты айдын ичине Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү азыркы жөнөкөй эмес кырдаалды терең талдап чыгып, маанилүү жыйынтыктарга келгенин көргөздү.

Президент өз сөзүндө өлкө алдында турган жаңы милдеттерге, жаңы багыттарга ылайык, мурда бекитилген мамлекеттик бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизилиши керектигин, күздү күтпөстөн өлкөнү өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен бөлүшүп, ачык-айкын чараларды сунуш кылууну эл өкүлдөрүнөн өтүнүп, жайбаракат эс ала турган мезгил эмес экенин билдирди. Ал тургай коом жана бийлик ортосунда ушундай ачык сөздүн мезгили бышып жетилгенине көп болгонун айтып, мына ушунун өзү өлкөдөгү мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишмерди-гинде жаңы баскычтын, жаңы мез-гилдин башталганын жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берди. Эң эле сүйүнткөнү, мындан ары эскиче иштөөгө болбостугун, азыркы шартта бардык бийлик бутактарынын биргелешкен жана бир максатка башталган аракеттери зарыл экенин баса бслгилди.

Баса, мамлекет башчысы: «Азыр кайсы коррупиионерди кармаба, анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун «ушул адамды бошотуп коюңуз» деген суранычтары түшүп жатат. Бул күрөш коомдун, жарандардын колдоосуна, активдүү позициясына да муктаж.

«Ууру болсо да биздин бала эле» деген ой менен бир айылдын баары кол топтоп, бошотуп коюу суранычын жөнөтүп жатышат» деп эки жүздүү иш жүргүзгөндөрдүн бетин ачыш, «саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт» деди.

Кыскасы, Президентибиз өз жолунан тайбастыгын коррупцияга жана коомубуздагы башка терс көрүнүштөргө каршы күрөштө аягына чейин тура турганын баса бслгиледи. Жашырган менен болобу, Президент өзү үчүн канчалык оор болсо да, саясий, ыймандык, адамгерчилик жагынан татаал болсо да бүт аракетин жумшап жатканы жашыруун эмес. Бул иште ага жалпы элдик колдоо керек. Биз бир муштумдай түйүлүшүбүз шарт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де-факто

Последние новости