www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат, Кара-суу райондорунун жана Ош шаарынын комендатурасы убактылууу спирт ичимдигин сатууга тыюу салды. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда комендатуранын башчысы Малик Нурдинов билдирди.
Комендант аталган чечимге сатуучуларды түшүнүү менен кароого чакырды.
“Адам бир бөтөлкө ичкенден кийин, ал экинчисин алганга барат, анан үчүнчүсүнө. Андан кийин ал коменданттык саатты бузат, укук оргоо органдары менен конфликтке барат. Башкалар мас абалында унаа айдап, жол кырсыгына кабылып жатышат, анан ал өлүмгө алып келип жатат. Мен 15 күн күтүп, сприт ичимдигин сатпай турууну суранам. Эгер тыюу салынганы карабастан, сприт ичимдиктери сатыла бере турган болсо, тиешелүү органдардын кызматкерлери чара көрөт. Мындай чечимди кабыл алууну жарандар өздөрү суранган”,-деп Малик Нурдинов айтты.
Булак: NazarNews.kg