www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто тойкана ээлери иштөөгө уруксат берүүнү өтүнүштү

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында жана Кара-Суу, Өзгөн райондорунда жайгашкан тойканалардын ээлери, ырчы-тамадалар басма сөз жыйынын өткөрүп, тойлорду ресторандарда өткөрүүгө уруксат берилиши керек деген оюн айтышты.

Алар базар, мал базар, коомдук транспорт иштеп турган учурда ресторандардын ишин токтотуп коюу адилетсиздик экенин айтышты. Ресторан ээлери жок дегенде 100-150 киши катышкан мааракелерге уруксат болсо, ар бир тойкана жок дегенде 40тан кишини жумуш менен камсыз кыларын билдиришти.

Эске салсак, коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб март айынан тартып массалык иш-чараларга, анын ичинде тойлорго да тыюу салган. Тамактануучу жайларга (кафе, чайкана, кофекана) уруксат берилген, кишинин саны 50дөн ашпашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости