www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкер  Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 50 миң сомду жаңы төрөгөн келинге сүйүнчү катары берди.  Маалыматка ылайык, Жумабеков келинге акчаны 14-сентябрда Таластагы жумушчу сапарынын алкагында тартуулаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого аттанган талапкерлер үгүт учурда кайрымдуулук иштер менен алектенбеши, жарандарга акчалай жардам бербеши керек экенин эскерткен. Шайлоо эрежесине ылайык, үгүт маалында адамдарга берилген материалдык жардамдын баары добуш сатып алуу болуп саналат.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов спикердин келинге акча бергени тууралуу маселе караларын билдирди. Ал эми БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Жумабеков өз макамын пайдалануу менен үгүт маалында берген сүйүнчү пул административдик ресурсту колдонуу болуп эсептелерин айтты.

Спикердин басма сөз кызматы окуяга түшүндүрмө берди.

«Ал жаңы төрага келгенге чейин Жогорку Кеңештин төрагасы бойдон кала берет жана кызматын аркалай берет. Уулдуу болгон келин баласына спикердин атын койгон экен. Ошого акчалай жардам көрсөттү. Бул жагын юристтер менен талкуулап көрөлү», - деди спикердин басма сөз катчысы.

14-сентябрда Интернеттеги социалдык түйүндөргө «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр жарыяланып, эртеси өчүрүлгөн.

Анын алдында БШК «Кыргызстан» саясий партиясына балага сүйүнчү берүүгө байланышкан чакырыгы үчүн эскертүү берген.

Дастанбек Жумабеков парламенттин алтынчы чакырылышын спикеринин кызматын 2017-жылдан бери аркалайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости