www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда Казакстандын түрмөсүнөн качып чыккан адам милиция кызматкерлерин автомат менен коркутуп, жүгөрү талаасына кирип кетти. Бул тууралуу аймактын ИИБинен "Апрель" каналына билдиришкен.
Окуя кечээ, 20-сентябрда болгон. Маалыматка караганда, Жылдызбек Бекмурзаевди Бишкек ШИИБи издеп жаткан, ал эми июль айында Казакстанда колго түшкөн.
«Бекмурзаев Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн жарым жылга кесилген. Бирок, 2017-жылдын 21-декабрында ал абактан качып чыккан. Милицияга аны «Кара-Суудагы кафелердин биринен көрдүк» деген маалымат түшүп, тартип сакчылар жерине барганда, ал каршылык көрсөтүп, автомат менен атам деп коркутуп, жүгөрү өскөн талаага кире качкан. Качкында автомат жана октор бар», -деп билдиришти милициядан.
Милиция кызматкерлери жүгөрү талаасын курчап, качкынды колго түшүрүү аракетин көрүштү.
Булак: NazarNews.kg