www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып бакты сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-майда саат 17:50дө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагында Ноокат-Папан унаа жолунун 1-чакырымында Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1957-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Жерине ӨКМдин №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости