www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ун бизнеси менен капчыгын кампайткан да чекилик кетиргенин моюндап, 27-майдагы адамдардын бир нечеси парламентте отурганын билебиз. Алар карантиндеги каатчылыктан пайда табуу үчүн буудайды ташып келүүгө нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын долбоорун президенттин каршы пикиринен алып таштоо боюнча мыйзамды киргизе коюшуп, 15-апрелде дароо үч окууда кабыл алдыртышкан. Чакан топтун кызыкчылыгын көздөгөн депутат Экмат Байбакпаев аталган мыйзам атамекендик дан өндүрүүчүлөрдү колдоп, ун аткезчилигин токтото турганын божураган.

Саналуу кишинин бизнесин гүлдөтүп, мамлекеттин капчыгын бөксөрткөн мындай демилге 2015-жылы да көтөрүлүп, октябрь айында буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгы алынып салынган.

Эки жыл аралыгында өлкө үчүн орду толгус зыян келгени, каражат жеке чөнтөктөргө агып кеткени аныкталгандан кийин 2017-жылы кайра нарк салыгы киргизилген. Бул сапар Президент кыраакылык кылып, мыйзамды артка кайтарды. Бул кадамы менен жеке кызыкчылыгын көздөгөн топтордун тилегин таш каптырды. Жогорку Кеңеш да чекилик кетиргенин моюндап, 27-майдагы жалпы жыйынында Кыргызстанга буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоорун президенттин каршы пикиринен кийин кайра четке какты.

Булак: Де-Факто

Последние новости