www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылган

Ош облусунда жыл башынан бери алты жаныбардан кутурма табылып, алар жок кылынды. Бул тууралуу облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраев билдирди.

Орозбек Ибраевдин билдирүүсүнө ылайык, жыл сайын үй жаныбарлары кутурма илдетине каршы бир ирет эмдөөдөн өткөрүлөт. Бул ооруну үй жандыктарына караганда жапайы жаныбарлар көбүрөөк алып жүрүшөт.

Ошондой эле жыл башынан бери Алай районунан бир карышкырдан, бир уйдан, Кара-Суу районунда иттен, жылкыдан, мышыктан, Кара-Кулжа районунан бир уйдан кутурма оорусу аныкталган. Дартка чалдыккан жаныбарлардын баары тең өрттөлүп көмүлүп, оору чыккан аймактарга 60 күн карантин киргизилген.

"Жапайы жаныбарлар короодогу койлорго кол салганда койлорду текшеребиз. Оорунун элементтери аныкталса, кол салган жапайы жаныбарды мергенчилерге аттырып, башын лабораторияда текшерүүдөн өткөрөбүз. Ага чейин эле байкалган белгилери болсо өрттөп, карантин киргизип чектөө коёбуз. Негизи кутурма оорусун жуктурган жаныбар 10 күндө өзү өлүп калат. Малчылар жайлоого чыккан учурларда этият болушу керек", — деди Ибраев.

Эскерте кетсек, кутурма оорусу адамга да жугат. Адистердин айтымында, ал айыкпас дарт, убагында эмдөө жүргүзүү менен кишини аман алып калууга болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости