www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында жана жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн "Услуги ГРС" мобилдик тиркемесинде жаңы сервис ишке киргизилди. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган сервис "Готовность ВУ" (Айдоочулук күбөлүктүн даярдыгы) деп аталат. Аны колдонуу менен айдоочулук күбөлүк алууга тапшырган арыз кайсы стадияда турганын көрүүгө болот. Ошондой эле жарандар "Коопсуз шаар" системасы боюнча айып пулдарды, автоунаа күрөөдө турган-турбаганын, катталган транспорт каражаттарынын санын жана документин текшере алышат.

Мындан сырткары, Мамлекеттик каттоо кызматынан берилген документтердин жарактуулугун тастыктоо үчүн кагаздагы QR-кодду окууга ылайыктоо үчүн тиркемеге QR-код системасы коюлган. Анын жардамы менен 2017-жылдан баштап берилген жаңы үлгүдөгү туулгандыгы жана каза болгондугу тууралуу күбөлүктү, нике күбөлүгүн, ажырашуу жөнүндө маалым катты, калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалым катын, ошондой эле чет элдик жарандарды каттоо боюнча маалым катты текшерүүгө болот.

Белгилей кетсек, тиркеме Android платформасындагы смартфондор үчүн иштеп жатат, ал эми iOS операциялык системасын колдонгондорго жакында жеткиликтүү болот.

Бул мобилдик тиркемени "Инфоком" мамлекеттик ишканасы иштеп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости