www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Илхом Маннанов БШКнын аны “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимине макул эмес. Анын өкүлүнүн айтымында, бүгүн, 29-сентябрда Маннанов маалымат жыйынын өткөрүп, сотко кайрылууну көздөп жатат.

24-сентябрда БШК Араван районунда “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынын тарапкерлеринин ортосунда болгон массалык мушташ маселесин карап, ушул эки партиядан талапкерлер Шүкүрулло Файзуллаев менен Илхом Маннановдун каттоосун жокко чыгаруу чечимин кабыл алган.

20-сентябрь күнү кечинде Ош облусунун Араван районунда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт иш-чарасында массалык мушташ болуп, натыйжада 12 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.

Бул окуядан дээрлик дароо эле “Мекеним Кыргызстан” партиясы билдирүү таратып, окуяны “чагым” деп атаган. Биримдик “провокацияга күнөөлүүлөр мыйзамдын толук көлөмүндө жазаланышы керек” деди.

4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости