www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Тогуз-Булак айылында күйдүргү оорусу аныкталгандыктан жергиликтүү тургундар 25-августка чейин карантиндик режимге байланыштуу мал союшпайт жана той өткөрбөйт. 

Тогуз-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарында эт жеген 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө. Айыл өкмөт башчы Курманбек Мияшев маалымдагандай, күйдүргү оорусу менен шектелип ооруканага жаткырылган 8 адамдын ичинен бешөөнүн анализи таза чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости