www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун менен Отунбаеванын президентке койгон дооматы боюнча баарлаштык.

-Турсунбек мырза, мурунку президент Роза Отунбаеванын ажобуз Сооронбай Жээнбековдун Белорустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкону куттуктаганы үчүн сынга алып, "Мен муну биздин революцияга түкүргөндөй эле кабыл алдым”дегени түрдүү талкууга жем таштады. Бул жерден президент чындап эле катачылыкка жол бердиби же Роза Исаковна аша чаап кеттиби?

-Президент катачылыкка жол берген жок. Тескерисинче, Роза Отунбаева  орунсуз сын айтып, аша чаап кетти. Чынында революцияга Сооронбай Жээнбеков эмес, Отунбаева, Текебаев, Атамбаевдер түкүргөн. Айтайын дегеним, 2010-жылдын 7-8-апрелинде болгон революцияда 87 бала каза болгон. Ошол балдардын сөөгүн койгону “Ата-Бейитке” барганда Отунбаева, Текебаев, Атамбаев баштаган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү балдардын арбактарынын алдында “бийликке койгон талабыңарды,  алдыга койгон максаттарыңарды,  аткара албай калган ишиңердин аягына чыгарабыз. Бир муштумдай түйүлүп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып күрөшөбүз. Силердин эрдигиңердин аркасы менен ушул жерде турабыз, деп ант берген. Бирок, турмуш чындыгында берген анттарын эсинен чыгарышты. Ал эле эмес, Ош окуясын алдын алалбай коюшту. Ош окуясынын кесепетинен канчалаган адамдар каза болуп, миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Канчалаган мекемелер өрттөндү. Абал турукташа баштаганда өрттөлүп, таш-талканы чыккан имараттарды, үйлөрдү калыбына келтиребиз дешти. Тилекке каршы, салган үйлөрү сапатсыз болуп, жыйынтыгында бири-бири менен чабыша баштады. Отунбаева менен Текебаев биригип алып, Атамбаев менен чабышышты. Атамбаев Отунбаеваны аянттан кууп чыкты. Айтор, ойго-түшкө кирбеген жагдайлар орун алды. Атамбаев менен Текебаев тирешип отуруп, Текебаев камалды. Кыскасы, бири-бирин чукуп, каршылашып отуруп, элдин көңүлүн өздөрүнө бурду. Кыскасы, өз ара тил табыша албай апрель баатырларынын арбагынын алдында берген антын эстеринен чыгарышты. Антты аткарбагандан кийин революциянын жеңишине президент Жээнбеков эмес, өздөрү түкүрүштү десек туура болот.

-Экс-президент Роза Отунбаеванын эл аралык этикетти билип туруп, куттуктадың деп президентти күнөөлөгөнүнө караганда бир билгени бар окшойт го?...

-Негизи президенттин Белорустун кайра шайланган президенти Александр Лукашенкону куттуктаганынан Отунбаева кынтык издебей деле койсо болмок. Анткени, Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчы катары жаңы шайланган президентти куттуктоо эл аралык кабыл алынган этикет боюнча милдеттүү. Муну Роза Отунбаева өзү да жакшы билет. Ал бир жарым жыл болсо да президент болгон. Ошондой эле аны билимдүү, эл аралык стандарттарды билген айым катары билебиз. Роза Исаковна өзү президент болуп турганда Лукашенко шайланып калса, кааласа каалабаса дагы куттуктамак. Эл аралык этикетти сактамак.

-Отунбаева өзү деле куттуктамак болсо, неге президентти ыңгайсыз абалга кептеди?

-Отунбаеванын оюу бузулуп турат. Тагыраагы Текебаев экөө эптеп Сооронбай Жээнбековдон күнөө табуунун айласын издеп, коомдук пикир жаратуунун айласын жасап жатышат. Себеби, шайлоонун алдында популизмге жол берип, Текебаевдин партиясын сүрөп, оппозицияны, эл аралык уюмдарды  козгоп, революция кылууну көздөп жатат. Сыягы, Отунбаева революция болсо бийликке келем деп ойлоп жатат окшойт. Ошон  үчүн ушундай кадамга барып жаткандай сезилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости