www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды 

29-июнда кылмышка шектелип 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар кармалып, уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Учурда атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости