www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр Майкл Лернер 82 жашында каза болду. Бул тууралуу TMZ билдирди.

Актердун өлүмүн анын жээни Сэм Лернер тастыктап, актёрдун өлүмүнүн себептерин ачыкка чыгарбоо чечимине келген.

“Биз кечээ кечинде бир легендадан айрылдык. Майкл тайкемдин кандай жаркыраган адам жана анын мага канчалык таасирдүү болгонун сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Анын окуялары мени ар дайым шыктандырып, актёрдук чеберчиликти сүйүүгө түрткү берип келет”, — деп жазган Лернердин тууганы.

Майкл Лернер 1941-жылы 22-июнда Бруклинде туулган. Мектепти аяктагандан кийин болочок актер Бруклин колледжине тапшырып, окуу учурунда Вилли Ломандын "Сатуучунун өлүмү" тасмасын тартууга катышып, башында пландагандай англис профессору эмес, актёр болууну чечкен.

28 жашында Лос-Анжелеске көчүп, тасмаларга тартыла баштаган. Актёр бир тууган Коэндердин "Бартон Финк" тасмасындагы ролу аркылуу кеңири таанылып, 1992-жылы "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Ал ошондой эле "Гарлем түндөрү", "Чач тарач жана жырткыч", "Годзилла", "Эльф" жана "Икс адамдары: келечектин өткөн күндөрү", "Керемет аял", "А-командасы.", "Жакшы аял" жана башка көптөгөн тасмаларда роль жараткан. Лернердин катышуусундагы акыркы долбоор 2022-жылы чыккан орусиялык "Биринчи Оскар" тасмасы болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости