www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ТЭЦин модернизациялоого 386 млн ыксыз сарпталганы, бул боюнча илээшкеги бар Осмонбек Артыкбаев (ошол кездеги министр) түн уйкудан безип, чет өлкөгө качууга ниеттенип калганын жакындары каңкуулады.

Учурда Жогорку Кеңеште ТЭЦтеги коррупцияга боюнча комиссия иштеп жатат. Эгерде адилеттүү талдоолор болсо, көптөгөн үлкөндөрдүн бети ачыла турганы алдын-ала болжолдонууда. Ошолордун ичинен уурулукка Артыкбаев дагы кулагынан кармалабы? Мындан сырткары, башка иштери да казылып жатыптыр. А балким качып кетет. Күтө туралычы, деп жазат “АЗИЯnews гезити.

Чындыгында өткөн жылы 31-августта ТЭЦ толук модернизация болду деп,  бүтүндөй кыргыз элин алдап, ал тургай экс-президент Алмазбек Атамбаевди лент кестирип, “аташкабыздын” бийлигин маскара кылган 386 млн АКШ долларын “ап” эттирип койгондорду кулагынан кармап эмес, аянтка чыгарып атып салса аздык кылат... Минтип мамлекеттин экономикасы алсырап турганда эртең эле Кытай, акчасын доолап келгенде күнүбүз кандай болот. Андыктан мындай ач курсактарды Кореянын президенти Ким Чен Ындын ыкмасына салыш керек. Башка арга жок. Болбосо жеп-ичкендерди жоготуу оюңарга да келбесин...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости