www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 26-январында ЖЭБ (ТЭЦ) жарылып, жыйынтыгында Өкмөт элге жууркан тараткан. Ошентип мактап аткан Сапарчигибиздин деле таскагы басаңдап, ташбака жүрүшкө түшүп бара жаткандай...

Элдин оозун Ошко каратып ачырган 386 млн доллар күлгө эмес музга айланды. Эми баарынан кызыгы кеткен каражат ЖЭБге жумшалып, химиялык цех салынганда авария болбойт эле деп чыгышты. Албетте адистердин берген маалыматына караганда техникага ишенип болбойт. Тилекке каршы биздин аткаминерлерге деле ишенип болбой калды. 386 млн АКШ долларын жеп койгон буларды тирүү тойгузуш кыйын...Эми минтип Жогорку Кеңештен комиссия түзүлгөнү менен батинкенин боосу дагы чечилбей турганы айдан-ачык. ЖЭБдин модернизациясына кеткен каражатка эч кимди эмес насосту же экс-президент Курманбек Бакиевди сотко берип койсок жакшы болот беле?

Алсак, Тажикстан Рогун ГЭСин активдүү куруп жатат. Жылына 17 млрд кВт/саат энергия чыгарууга кубаты жете турган ГЭСтин курулушуна  225,7 млн доллар каражат кете тургандыгы эсептелип чыккан. Ошол эле учурда мыкты экономисттер 386 млн долларга Кыргызстанга жаңы шаар курганга жете турган акча экендигин жар салышты.

Өткөн жылы 31-августта эле ЖЭБдин жалпак тил менен айтканда мыгына чейин жаңыланып, баары зыңкыйды деп, улам-улам маалыматтар тараган. Көрсө бизге жеткен маалыматтарга таянсак ЖЭБде эч кандай модернизация болгон эмес экен. Баарына кызыгы ЖЭБдеги авариядан кийин депутаттык комиссиянын жыйынында аварияга жооп бере турган башкы инженер кызматтан алынбастан, тескерисинче кызматтан жогорулаган. Кандай бактылуу инсан. Башка мамлекет болгондо, чокудан ары “тарс” эткирип атмак. Мына сага... Негизинен ЖЭБке жооп бере турган азаматтардын аты-жөнү бийликке аттын кашкасындай белгилүү болгону менен эмнеге күнөөлүүлөрдү ачыкка чыгара албагандыгы таң калычуу.

Баса, ТЭЦ боюнча күнөөлүүлөрдү депутаттын комиссия ачыкка чыгарабы же жокпу күтө туралы. Биздин редакцияга ЖЭБдеги (ТЭЦ) кырсыкка ким күнөөлүү экендиги тууралуу кат түштү... Өкмөттү күтө туралычы...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости