www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов кызматка барбай жатып башаламандык кыла баштады. КОДПдан куулуп, алапайын таппай турган Кожобек Рыспаевдин көздөй адамы Мурадыл Жумадыл уулун орун басар кылып алмакчымын деп, эки орун басарын иштен кеткиле деп кысым кылып жатканы кеп болууда. «Өлө албай жатып өлөң айтат» болуп, өзү КСДПдан

куулуп, жек көрундү болуп жаткан Рыспаев эч жерге батпай, ар кайсы кызматка барып иштей албай илең-салаң болгон Мурадыл Жумадыл уулун орун басар кыльп аласың деп Осмонбетовду кысмакка алганы кандай? Бул түртмөлөп жаткан адамы Мүлкфонду менен «Кыргызтелекомдо» иштеп, куулуп кеткен неме экен. Ошол эргулду Кожобек Осмонбетовдун орун басары кылып алып барып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетин көзөмөлдөгүсү келип жатыптыр. Ага Эмил мырза моюн сунуп, эки орун басарынан күчүн чыгарып жатканы күлкү келээрлик жорук да... Өткөндө парламентте ант берип жатканда президент Сооронбай Жээнбеков «Антка бек туруп, көзүңөрдү ачкыла!» - деген эскертүү жасады эле. Осмонбетовдун мурдун балта кеспей, айтып оозду жыйганча ашмалтайын чыгарып жатканы неси?

Булак: “Фабула”

Последние новости