www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы эки уюм Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүнүн директорун кызматтан алууну талап кылып жатышат. 13-июнда өлкөнүн Акыйкатчысы Токон Мамытов 12 жаштагы баланын өлүмү боюнча иш тергелип бүткөнчө директор кызматынан убактылуу четтетилип, бул окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүшү керек деп эсептерин билдирди.

12-июнда “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” уюму өспүрүм киши колдуу болгонун, директор жоопко тартылбай жатканын белгилеп, айыптуулардын баарын жазалоого чакырды.

Акыйкатчынын маалыматына караганда, директор өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин окуучуларды суракка алууга кийлигишкен жана өлүм тууралуу фактыны жашырууга аракет кылган болушу ыктымал.

6-класстын окуучусу Игорь Якунин каза болгону Сокулук райондук ички иштер башкармалыгында быйыл 1-июнда катталган. Баланы Кошмо Штаттардагы үй-бүлө асырап алган. Алар жалдаган адвокат өлүмдү иликтөөдөгү мүчүлүштүктөр тууралуу райондук прокуратурага арызданды. Үй-бүлөнүн айтымында, баланын саламаттыгында маселе болгон эмес.

Акыйкатчы тергөөнү Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү керектигин айтууда.

Чүйдүн Военно-Онтоновка айылындагы Балдар үйүндө жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат.

Мекеменин жетекчилиги укук коргоочулардын талаптары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости