www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт: “Сосновка” бекетинде тараза көзөмөлү иштебей турат

Чүйдөгү ”Сосновка” транспорттук көзөмөл пунктунда тараза көзөмөлү талаптагыдай иштебей жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аталган бекеттин иши менен таанышты. Анда эртең мененки саат 8де аталган бекет аркылуу 29 автомашина өткөн болсо, 17си гана каттоого алынганы аныкталды.

“Тараза көзөмөл тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук иш алып баруусуна жетишүүбүз керек», - деди Марипов.

2020-жылы Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам «масштабдуу коррупциялык схемага» шек саналып кармалган. Алар «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн сом зыян келгени кабарланган.

Кыргызстан «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости