www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит Жогорку Кеңештин депутаттары сунуштаган социалдык төлөмдөр жөнүндө мыйзам долбоорун кескин айыптады. Ал өзгөртүүлөрдү дагы анализдеп чыгууга жана бизнес коомчулуктун катышуусунда кайрадан талкуулоого чакырды.
Бизнес-акыйкатчы мыйзам долбоорунда мамлекеттик камсыздандыруу төлөмдөр жумуш берүүчүлөргө 15,25% жана жумушчуларга 13% деп коюлуп жатканын сынга алды. Ал натыйжада бул ченем 28,25% болуп, мурдагыдан 1% (27,25%) көбөйө турганын белгиледи.
“Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кыргызстандын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы кайрылуусуна каршы келген бул өзгөртүүлөргө таң калганын жана иренжип жатканын билдирет”, - деп айтылат Бизнес-акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
“Кыргыз Республикасынынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамына, « Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” долбоору 27-майда парламент сайтына илинип, коомдук талкууга коюлган.
Булак: NazarNews.kg