www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды сатуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 1-апрелинде КР УКМК жана КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкзам-издөө иш-чараларынны алкагында Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБ кызматкери У.К. пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, ал жеке компаниянын өкүлүнөн санитардык жана блок-постордон өткөрүүгө укук берүүчү кагаздарды берүү үчүн акча каражатын талап кылганы аныкталды. 

Сотко чейинки өндүрштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-б (Пара талап кылуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости