www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Борбордук Аппаратынын жана структуралык бөлүктөрүнүн кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын короновируска каршы күрөшүү боюнча атайын фондго которушту. Которулган акчанын суммасы 321 000 сомду түздү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы күрөш боюнча депозиттик эсепке 1-апрелге карата 80 миллион 552 миң сом түштү. 

Өлкөдө коронавируска каршы депозиттик эсепке колунда бар адамдар, мамлекеттик жана жеке компаниялардын кызматкерлери айлыгынын эсебинен акча которушууда.

31-мартка карата Кыргызстанда 116 адам коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталды. Анын ичинен беш адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда 1708 адам обсервацияда жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости