www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине социалдык тармактарда «Милиция кызматкери адамды тепти» аталышындагы тарап кеткен  видео тууралуу төгүндөдү. 

"Аталган маалыматты төгүндөө жана толуктоолорду киргизүү максатында билдиребиз, жогорудагы видеодо адамды тепкен жаран милиция кызматкери эмес.

Текшерүү көрсөткөндөй, адамды тепкен жаран «Кудайберген» базарынын күзөт кызматынын кызматкери болгон.

Ички иштер министрлиги жарандарына кайрылат жана эскертет, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Жалган маалыматты тараткандарга карата катуу чаралар көрүлөт.

Эскертебиз, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле, журналисттер дагы расмий жана текшерилген маалыматтарды чагылдырууну суранабыз", -деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости