www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайда карантин бүткөндөн кийин ажырашуу үчүн арыз жазгандардын саны кескин көбөйүп кеткен. Ажырашууну каалай тургандардын көптүгүнөн юристтер каттоого да жетишпей жатышкандыгын айтышууда.
Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарында пайда болгон коронавирустун айынан карантин киргизилип, жакында бошотулган болчу. Шаар 23-январдан баштап жабылып, эки ай бою изоляцияда калган. Ажырашууну каалай тургандар Кытайдын карантинден эркиндикке чыккан башка аймактарда да кайталанып жаткандыгын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.
Мисалы, марттын ортосунда эле карнтин бүткөндөн кийин дароо 300 жуп ажырашууну чечишип, арыз жазышкан. Мындай окуяны шаардык ажыраштыруу борборунун кызматкери: “Жаштар үйдө бири-бири менен көп убакыт өткөрүшөт. Алар болбогон нерседен деле чырдашып, ажырашканга чуркашат”,-деп билдирген Лу Шичжунь.
1-мартта карантин бүткөн күнү Шеньси провинциясынын Сиандагы кеңсесине дароо 14 арыз түшкөн. Бул шаарда ажырашуу үчүн арыз бир күндө 10дон ашпоосу кажет. Ажыраштыруу агенттигин отчетунда: “Жөнөкөй жашоодогу пикир келишпестиктен улам чыр-чатактар чыккан. Ал эми алардын сүйлөшө алуу жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу ажырашууга алып келген”,-деп жазылган.
Буга мисал катары агенттик 30 жаштагы Ву аттуу айымды келтирген. Ал карантинде эки ай бою иштебеген жолдошу менен үйдө олтурган. Ву айымдын жолдошу менен чырдашканына себеп көпчүлүк жубайларга тааныш болсо керек: акчанын жетишпестиги, жубайына жардам берүүнүн, балдарды каралашуунун ордуна компьютердик оюндарды ойногон жолдошу.
“Жолдошумдун айынан үйдө баары жакшы болбой жатат. Мен буга мындан ары чыдай албайм. Биз ажырашууну туура көрдүк, адвокат тапсам эле болду”,-деп айткан жубайы.
Карантин күндөрү айрым провинцияларда плакаттар илинип, жубайларга экинчи баланы багууга өкмөт жардам бериши керектигин жазышкан. “Сиз эпидемиялык кырдаалда үйдө олтурганда экинчи балага чектөө алынып салынды. Демек, экинчи баланы жаратуу да мамлекетке жардам болуп эсептелинет”,-дейт жазууда.
Булак: NazarNews.kg