www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 1-апрелинен 2-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында жана коменданттык саат киргизилген аймактарда баары болуп – 18 кылмыш окуялар катталган. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Алардын ичинен коронавируска тиешелүү такталбаган жалган маалыматтарды тараткан, текшерүүнү талап кылган – 2 факты катталып (Аксы, Чаткал), учурда текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 176 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, ал эми Сузак району боюнча – 4 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузушуп, ШРИИБге жеткирилген. Ошондой эле аталган аймактардан жалпы - 111 автоунаа кармалып, айып аянтчасына коюлган.
Ошондой эле, "өтө зарыл жүктөрдү өткөрүү жөнүндө” буйруктун негизинде күнүмдүк азык-түлүк жана керектелүүчү мөмө-жемиштерди ташыган автоунаалар Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек автожолундагы “Беш-Кепе” жана “Боз-Чычкан” блок-постторунан КРнын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлеринин коштоосу менен өткөрүлүп жатат (өткөн сутка ичинде - 44 жүк ташуучу, - 6 жеңил унаалар өткөрүлгөн)",- деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg