www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматка киришкенине бир топ болсо да ишинен майнап чыкпай жатканы жалпы журтка байкалууда. Эмне менен алектенип жатканы белгисиз. Иш жүзүндө прокурор элге жакын болуп, кылган ишин ар дайым айтып турушу кажет. Өйдө карай албаган Өткүрбек мырза башын катып олтурат. Коррупция жаатында резонанстуу иштердин бири да жүргөн жок. А тургай, Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча Башкы прокурор катары так пикирин билдире алган жок. Бул өтө чоң окуя. Бир облустун прокурору шейит кетти. Пресс-конференция уюштуруп, бир нечесин иштен кетирип, коңгуроону катуу кагышы кажет эле. Тилекке каршы, Жамшитов прокурордун өлүмүнө катардагы адамдын өлүмүндөй мамиле кылып койгону бизди таң калдырды.

—Өткурбек мырза, бир облустун прокурору өлтүрүлүп жатса дагы коомчулукка ачык маалымат жыйын өткөрүп өлкөнүн Башкы прокурору катары өз пикириңизди билдирсеңиз кантет? Бакандай областын прокурору киши колдуу болуп, ит аткандай атылып өлтүрүлүп жатканы эмнени каңкуулайт? Мындай окуя экинчи кайталанбайт деп кепилдик бере аласызбы? Башкы прокурор катары ыкчам реакция кылып, бул иш боюнча чукул маалымат жыйын өткөрүп, сөөмөй кезесеңиз сиздин жана сиз жетектеген тармактын авторитети өйдөлөмөк да. Бул кош көңүл мамилеңиз кайдыгерликтин жеткен чеги эмеспи?

Булак: "Мантыш"

Последние новости