www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш прокурор болуп Жалал-Абад облпрокурору болуп иштеп жаткан Өткүрбек Жамшитов дайындалды. Парламент бир добуштан анын талапкерлигин жактырды. Индира сулуу кеткенден кийин баш прокурорлук орун бош турган. Эми баш прокурорду дайындоо менен Соке экс-досунун кадрларынан толук кутулуп, өз алдынча багыт алууга жол ачты.

Ага тоскоолдук кылып, досуна сөз ташый турган адамдардан күч түзүмдөрүн толук тазалады. Коррупция менен күрөшүүгө батыл кирише турган команданы түзүп бүттү. Жаңы баш прокурор болгон Өткүрбек да ишин прокуратурадагы коррупция менен күрөшүүдөн, кадрдык тазалоодон баштай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости