www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алдадың” , “Сени эстеп”, “Периштем” деген ырлары менен эл оозуна алынып популярдуу болгон, жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан, өзүн ар дайым стилдүү алып жүргөн ырчы мырза Амир Аскаровду таанысаңыз керек. Амир Аскаров шоу бизнеске кайтып “Сени сүйөм дайым”, “Девочка моя”, “Замираю”, “Кызганам” деген ырларын угармандарына тартуулап турган чагы. Амир чыгармачылык кризистен чыгып, угармандарына жага турган ырлардын үстүндө иштеп жаткандыгы тууралуу, чыныгы эркек кандай болушу керек экендиги, жана дуйнөлүк ырчылардын кимиси менен ырдагысы келгени тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

- Амир, жеке жашооңузда кандай өзгөрүүлөр бар?

– Жакшы рахмат, чыгармачылыкта чыгармачыл кризис болуп, бир топко элдин алдына чыга албай жүрдүм. Бирок ошол эле учурда Россияга барып бул жакта да изденип чыгармачылыкта жаңы-жаңы нерселерди ойлонуп жаңы ырларды чыгарып жүрдүм. Жаңы эмгектерим элге чыга баштады. Угармандарыма жагат эле болуш керек деген ойдомун.

- Басмалардын бирине берген маегиңизде, шоу чөйрөдөн таптакыр дос күтпөйм деген сөзүңүз бар. Азыр деле ошол ойдо калдыңызбы?

– Ооба, ошол эле ойдомун. Менин оюмча шоу-дүйнөдө достук жок. Ал эми чыгармачылыкта бар. Бирок, шоу дүйнөдө андай адамдар жок, ошол себептен мен айткан оюман аркага кайта албайм.

- Эң жакын дос бул?

– Менин бир тууганымдай эле адам. Эң жакын дос деген сенин бир тууган байкеңдей же эжеңдей, иниңдей, өзүңдөй эле адамдар ошол адамга баарып сен бүт барын айта аласың. Ал сени түшүнүп ар дайым эле колдой бербейт. “Ооба, сеники чын, сеники туура”, – дегендей. Ошонусу менен дос, сенин кемчилигиңди айта алат.

 - Кайтарып алгыңыз келген адамдар барбы?

– Жок, Омар Хаям айткандай “Келгенди кетирбе, кетип баратканды кармаба” дегендей. Мен кайтарып алуучу адам жок. - Аа таптакыр унутуп эсиңизден чыгарайын дегенчи? – Менин оюмча ар бир адам бул жашоодо жөн эле жолугушпайт болушу керек, себеп дегеним кудайым жөн эле жолуктура бербейт экен. Ар бир жолуккан адам бизге сабак берет экен. Таптакыр унутуп калайын деген оюм деле жок, мурунку суйлөшкөн кызым болбосо эле.

- Убакыт дарылаган жокпу?

– Менин оюмча “убакыт дарылайт” деген туура эмес сөз. Себеп деген чынын айтканда убакыт дарылабай эле өлтүрөт экен.

- Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деп коёт эмеспи, кандай өнөрлөргө ээсиз?

– Музыка жазам, ырдын сөзүн жазам. Техникалык жактарга да кичине кичине кызыгам. Башка чөйрөгө баш отум менен кирип кеткеним жок. Менин башкага болгон өнөрүмдү менин айланамда жүргөн адамдар эле байкабаса мага байкала бербейт.

- Кыйынчылыктан коркосузбу?

– Кыйынчылыктардан коркпойм. Кыйынчылык кудайдын сыноосу деп айтат эмеспи. Мен ал сыноодон коркпойм. Жашоодо көп кыйынчылык көрдүм деп деле айтпайм, бирок кандайдыр деңгээлде кыйынчылык көрдүм дей албайм. Адам канча кыйынчылык көрсө ал адам жашоого ошончо чыйралат болушу керек.

- Кандай кыйынчылыка кабылдыңыз эле?

  • Бишкеке жаңы келгенде 2 ай көчөдө жашап жүрдүм, бирда таанышым жок болчу. Ошол учурдашагым сынып кеткен жок, кээ бирөөлөр ичип кетип, же болбосо Кудайга нааразы болот го “неге эле мен мынча кыйналып атам” деп. Кудайга шүгүр менин жашоого болгон шагым сынып, өзүмдүн жашоомо нааразы болбойм. Африкадагы балдар кыйналып жашап жүргөн учурда, бизде шүгүр эле нан десек нан бар, суу десек суу бар, баары бар. Ошондуктан “сенден бай жашаган адамды көрүп наалат айтпай, сенден да кыйналып жаткан адамды көрүп шүгүр айт” бекеринен айтылбаса керек.

- Сиздин оюңузча чыныгы эркек эмнени билиш керек?

– Эркек эң биринчиден эркектик сапатка ээ болуш керек. Андан кийин эркектик милдетине тикесинен тик туруш керек. Эркектик милдетин аткара да билиш керек. “Айтылган сөз, атылган ок” демекчи оозунан чыккан ар бир сөздү талдай жана ал сөздү аткара да билиш керек. мына ошолорду билген киши ал эркек болуп саналат.

- Дүйнөлүк ырчылардын кимиси менен ырдагыңыз келет?

– Эгер андай мүмкүнчүлүк келе турган болсо анда мен Юшер, Крек Дэвид менен ырдайт элем. Негизинен көп эле ырчылар менен ырдагым келет, ар бир дүйнөлүк ырчылардын өзүнө таандык жакшы элге жага турган сапаты бар, мага да ар бир ырчынын бирден сапаты жагат. Ошондуктан тиги менен ырдагым келет деп айта албайм. Менин оюма койсо бардыгы менен ырдамакмын, дүйнөгө чыккан ырчынын өзүнүн хоризмасы, стили, багыты бар, ошол себептен дүйнөлүк ырчылардын барын сыйлайм. Алардын деңгээлине жетсек биз деле сыйлуу болсок керек.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg

Последние новости