www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев областын аймагындагы алтын кендерин иштетип жатышкан компаниялардын ар бирине ай сайын 25 миң сомдон салык салып жатат деген каңырыш кабар жетти.

Айтылып жаткан сөздөргө таянсак бул акчаларды губернатор  өзүнүн Марслатбек Шералиев атуу кеңешчисине айлык катары берип тургула деген шылтоо менен Марслатбек аркылуу чогулттуруп жатат экен. Анткени ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө “кеңешчи” деген штат жоктугуна байланыштуу жакын досу Марслатбек  айлыгы жок калыптыр.

Бирок,  бизге жеткен маалыматтар боюнча Марслатбек Шералиев областык өкүлчүлүктүн башка бир кызматкери катары штатка бекитилип ал жагынан 10 миң сом айлык алаары айтылууда. Мунусу аз келгенсип Мураталиев компаниялардын жетекчилерине “тигил айылдын, бул айылдын  БСРин (убактылуу суу топтоочу жай) оңдогонго 3-4 миллиондон сомдон бересиңер, мен өзүмдүн жеке техникаларым менен оңдотом аларга дагы кичине иш болсун”.

Эгерде айткан сумманы бербесеңер элди көтөрүп чыгып жолдорду жаптырам, жергиликтүү тургундарды силерге каршы тукурам” деп опузалап жатканын эшиттик. Эгерде Өкмөттүн жер-жерлердеги ишенген ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кылыгы ушундай болсо, анда кайдагы инвесторлор жөнүндө сөз болот, кызык?  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости