www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 20-декабрда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу баяндама жасады.
Анда Отунбаева баяндамасында 2021-жылы августта Кабулда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан кийинки өлкөдө саясий жана адам укуктарына байланыштуу көйгөйлөр менен катар эле оң жылыштар бардыгын белгилеп кетти.
"Талибан менен бир катар маселелер боюнча көз карашыбыз дал келбейт, бирок көңүл чордонунда турган нерсе - эркектер, аялдар, кыздар, балдар бакубат жана тең укуктуу жашай ала турган Ооганстандын келечеги үчүн диалогду колдошубуз керек" – деди Отунбаева .
Булак: NazarNews.kg